Menu

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Мирзиёев Борбордук Азиянын түптүү элдери сый-урматта жашаса боло тургандыгын көрсөтүп жатат»

Бөлүшүү:

— Табылды мырза, бул жолку маекте өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Манас айылын жаңыртып, жаңы дем бергени тууралуу сөз кылсак дейм. Мирзиёевдин бул кадамы соцтармактарда өтө чоң талкууга алынып, ыраазычылыктар айтылып жатат. Бул өзбек өлкө башчысына чоң аброй алып келди көрүнөт. Ал киши бул иши менен эмнени көрсөткүсү келип жатат? Мында бизге белгисиз кандайдыр бир сыр барбы?

— Мирзиёевди дүйнөнү өзгөртүүгө дарамети бар 10 мыкты саясатчынын бири катары таанып жатат. Коңшу өлкөдө болуп жаткан жакшы саамалыктардын бардыгы Мирзиёевге берилип жаткан жогорудагы баанын тууралыгын билдирип турат. Мирзиёев бийликке келгенден алгачкы күндөрдөн тартып эле өзүн И. Каримовдун ордун басуучулардын эң татыктуусу экендигин айгинеледи. Эң негизгиси ал И. Каримовдун жолун жолдобой, тескерисинче, Өзбекстанга жаңы демократиялык жолду көрсөттү. Мирзиёев өзүнүн бийликтеги алгачкы күндөрүнөн эле Каримовдун мезгилинен бери келаткан эски стереотиптердин баарын талкалап, жаңыча, эркин ой жүгүрткөн, эрки күчтүү, коомдук процесстерди жакшы түшүнө билген мыкты саясатчы катары көрсөтө алды. Ошондуктан, бүгүн анын ысымы Өзбекстан же Борбордук Азияда эле эмес, бүткүл дүйнөгө кеңири тарап кетти. Ал бүгүн дүйнөгө таанымал алдыңкы 10 саясатчынын катарында. Мирзиёевдин Манас айылын жаңыртып көрктөндүрүү саясаты региондордогу эң артта калган калктуу пункттарга көңүл бурууга арналган программанын алкагында жүрүүдө. Президент Мирзиёев белгилегендей «Манас айылында бизге эң кымбат эл жашайт, ал мыкты шартта жашаганга татыктуу. Бизге мындай өтө алыс жана артта калган кыштактарды жаңыртуу өтө оор, бирок биз булардын турмушун жакшыртуудан баштабасак, бизге ким ишенет?” деген принципиалдуу позициясын билдирди. Ошондуктан, мен айтаар элем, Мирзиёев өзүнүн бул аракеттери менен эң алгач өзүнүн өлкөсүндөгү ар бир улут өкүлдөрү ал үчүн эң биринчи кезекте Өзбекстандын жараны экендигин билдирип жатат. Ал Өзбекстанда жашаган ар бир эл анын мекендеши, бийликтин милдети элдин жашоо турмушун оңдоо, жакшыртуу, жаңы баскычка алып чыгуу экендигин айткысы келди. Албетте, анын Манас айылына көңүл буруусунун дагы бир себеби катары бул иште Борбордук Азия саясатында бирден-бир өзгөчө ролду өзбек, казак, тажик жана кыргыз элдери өзөктүү ролду ойноору да эске алынгандыгын айта кетсек болот. Мирзиёев муну менен Бордордук Азиянын түптүү элдери бири-бири менен тыгыз жана эң ысык мамиледе, сый-урматта жашаса боло тургандыгын көрсөтүп жатат. Ошол эле учурда муну менен кыргыз-өзбек мамилелеринин жаңы деңгээлге чыгышы Мирзиёевдин тышкы саясатындагы негизги багыт экендигин билсек болот.

— Ушул иштерге коштой эле Өзбекстанда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө жарыяланды. Ташкент шаарынын бир көчөсүнө анын ысымын берүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы белгилүү болду. Бул Мирзиёевдин Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту чыңдоо саясатынын бирден-бир колдоочусу катары позициялап жаткандай болуп жаткан жокпу?

— Ооба. Мирзиёев өзүнүн алгач күндөрүнөн бери эле Борбордук Азия өлкөлөрү ич ара мамилелерин мыкты деңгээлге чыгаруу маселесин көтөрүп келет. Башкача айтканда биздин үйүбүздө тынчтык, бакубат жашоо болсо, калган проблемаларды чогуу-чаран чечүү алда канча жеңилирээк деген позицияны карманууда. Менимче, бул эң туура. Президент Мирзиёев Путин менен да мамилелеш, дос катары экенин көрсөткүсү келүүдө. Москва менен Ташкенттин алакасында да жылуу мамиле өкүм сүрүүсүн каалап жатат. Өзбекстан бүгүн толук бойдон жаңы баскычка өтүүдө.

— Мирзиёев өзүнүн Борбордук Азия боюнча ой-максаттарын Манас, Чыңгыз Айтматовдон баштадыбы?

— Менимче, Мирзиёев бүгүн Борбордук Азиянын интеграция жолу менен өнүгүшү үчүн жалаң эле экономика же саясатта тилектеш болбой, жергиликтүү элдердин руханий байлыктарынын баалуулуктарында жалпы маданий аянттардын да болушу зарыл экендигин көрсөтүп жатат. Ошого алды менен Манас, Чыңгыз Айтматов эске алынды да. Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы Өзбекстанда өтө кеңири өтөт болушу керек. Чынын айтсам, бүгүн Орусия жана Борбордук Азия элдери үчүн жалпы руханий аянтча катары Караханийлер мамлекетининин (940-жыл), Алтын Ордо мамлекетинин (1218-ж.), Хайду мамлекетинин (1269-ж.) түптөлүшүнүн юбилейлик мааракелерин өткөрүү туура болчудай. 2019-жылы Алтын Ордо, Чагатай улусу жана Хайду мамлекеттеринин Улуу Монгол империясынан бөлүнүп, көз карандысыздыкка чыккандагына 750 жыл толот. Орусияда жана Казакстанда бул датаны белгилөөгө камынып жатышат. Хайду Талас өрөөнүндө хан көтөрүлгөн жана кыргыздар менен союздаш болгон. Бизда бул юбилейди белгилеп, бул датаны жалпы руханий аянтча кылсак болот.

 

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: