Menu

Видео – Өзбекстанда окуучуну бут кийим менен сабаган мугалим иштен алынды

Бөлүшүү:

Хорезм облусундагы Ургенч кесиптик автожол колледжинин биология мугалими Зебо Нафасова 14-апрелде окуучуга кол көтөргөнү үчүн жумуштан бошотулду.

Ургенч кесиптик автожол колледжинин биология мугалими Зебо Нафасова 17 жаштагы окуучу Мухаммед Жуманазаровду сабакты көп калтырганы үчүн урушуп, бут кийими менен бет талаштыра бир нече жолу чапканы видео түшүп калган. Текшерүүлөрдөн кийин видеоматериал 12-апрелде тартылганы аныкталган.

Өзбекстандын Жогорку жана атайын орто билим берүү министрлиги “окуучуну бүтүндөй класс алдында мазактаган мугалим” иштен алынганын билдирди.

https://www.youtube.com/watch?v=FnpIjAgTfR0&feature=youtu.be

17 жаштагы Мухаммед Жуманазаровдун туугандарынын бири өспүрүмдүн апасы мугалимди күнөөлөбөй турганын айтты. “Бала окусун, адам болсун деп каалагандыктан, ал ушундай кадамга барды, – деди сабалган окуучунун тууганы.

Хорезм облус акимчилигинин Аялдар комитетинин кызматкерлеринин бири окуучуну сабаган күнү Зебо Нафасова стресс абалында жүргөнүн, буга чейин күйөөсү маңзат соодасына айыпталып кармалганын маалымдады. “Кандай болгон күндө да, мугалим окуучуга кол көтөрбөшү керек”, – деди ал.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: