Menu

Видео – Армения: депутаттар кармалды, каршылык акциялары уланууда

Бөлүшүү:

Ереванда жекшемби күнү демонстранттар менен полиция кагылышып, 15 киши ооруканага жеткирилди. Алар оппозиция лидери жана парламент депутаты Никол Пашинян менен аялы кармалгандан кийин премьер-министр Серж Саргсяндын токтоосуз отставкага кетишин талап кылышкан.

Жекшембиде Армениянын премьер-министри Серж Саргсян оппозиция лидери Никол Пашинян менен жолуккан. Пашинян өкмөт башчы кызматтан кетиши керектигин айта баштаганда Саргсян сүйлөшүүнү андан ары улантуудан баш тартып, чыгып кеткен.

Демонстранттар нааразылык акциясын улантышууда.

Өлкөнүн мурдагыдай жалпы эл эмес, парламент шайлаган президенти Армен Саркисян 9-апрелде кызматка киришкен. Андан соң депутаттардын көпчүлүк добушу менен мурдагы президент Серж Саргсян өкмөт башчы болуп келген. 2015-жылдагы конституциялык реформадан кийин Арменияда премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президенттики азайган эле.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: