Menu

Кубанычбек Исабеков: Жээнбеков менен Атамбаевдин тирешүүсү чыр менен аякташы мүмүкүн

Бөлүшүү:

-Кубанычбек мырза, учурдагы саясий кырдаал боюнча айтсаңыз. Сооронбай Жээнбековдун иштөөсүнө эмне тоскоолдук болуп жатат?

-Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бекиткен кадр саясаты азыркы президент Сооронбай Жээнбековду артка тартып, иш алып баруусуна тоскоол болуп жатат. Атамбаев премьер-министрликке өзүнүн жаш кадры катары Сапар Исаковду дайындап кеткен. Ал эми Сапар Жумакадырович АШАнын бийлигине чейин кимге кызмат кылганы айтпаса да түшүнүктүү. Мисалы, Болот Сүйүнбаевди Сооронбай Шарипович кызматтан алганы менен, премьер-министр Сапар Исаков андан да жогорку кызматка койду. “Өзүн-өзү билет, өтүгүн төргө илет” деген эле кеп болуп жатпайбы. Алмазбек Атамбаев убагында Референдум өткөрүп, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен, кийинки президенттин колу- бутун байлап койгон. Мисалы, ички жана сырткы саясатты президент эмес өкмөт аткарат. Өкмөттү башкаруу, экономика жана айыл-чарба иштерин жөнгө салуудагы укуктар алынган. Башкы прокуратура президентке караганы менен аны Жогорку Кеңеш чечет. Коргоо комитети өкмөт мүчөсү болгондуктан өкмөт башчысына баш ийет. Жалгыз Коргоо министри Президентке карайт, бирок укуктары чектелүү. Бул ыйык Конституцияга карама-каршы жазылган мыйзамдар. Негизи сырткы саясатты президент алып баруусу абзел жана келишимдерге кол коюуга уруксат берилиши керек. Эки же бир канча мамлекеттин президенттери эл аралык маселелердин үстүндө талкуу жүргүзүү менен келишимдерге кол коюп келишет. Биздин президент премьер-министр менен кеңешип, коллегиялуу өкмөт чогулуп, жыйынтыгы чыкканча кеминде эки күн өтөт. Алмазбек Шаршенович 5-чакырылыштагы СДПК фракциясынын күчү менен мыйзам бузууларга барган. Ал эми Конституцияда “Баш мыйзамга карама-каршы келген мыйзамдар иштебейт” – деп жазылган. Эгерде чет өлкөлүк жаран эл аралык сотко берсе биздин Баш мыйзам жараксыз деп табылат.

-Экс-президент Атамбаев, резиденцияда СДПК фракциясынын депутаттары менен жолукту. Уктуңуз да?

-Ооба уктум. АША өзү негиздеген «СДПК» фракциясынын депутаттары менен резиденцияда жолукту. Эмне үчүн башка фракциялар резиденцияда чогула алышпайт? Каржы маселеси кандай болгон? Атамбаев СДПКнын депутаттарына такалап туруп тапшырма берип жатат. Бул деген аша чапкандык. Резиденциянын жетекчилиги кайсыл жакты карап жатат? Жетекчилик президент менен өкмөт башчыга гана баш ийиш керек.

-Сооронбай Жээнбеков өзүнүн командасын түздү десек болобу?

-Сооронбай Жээнбековду эл колдоп турган кез. Бирок күч структураларын, жергиликтүү бийлик башчыларын, сот бийлиги – мунун баары Атамбаевдин убагында дайындалгандар. Губернатор, аким, мэр,райондук сот, прокурор, милиция дегендин баары жүрөгүндө Атамбаевди колдоп турушат. Мына ушулардын баарысын алмаштыруу зарыл. Ошондо гана таза бийлик орнойт.

-Бирок Сооронбай Шарипович, “мен Атамбаев баштаган көчтү улайм, ушул команда менен иш алып барам” – деп келген да?

-Көчтү улайм дегени чындык. Бирок ал Атамбаев экөөнүн ортосунда чыр чыгат, тирешүү болот деп ойлогон эмес да. Атамбаев чакырып алып эле такалай бергени туура эмес болуп калды да. Менин угуп-көргөнүмө караганда, Сооронбай Жээнбековдо күнөө жок. Бул жерде Атамбаевдин күнөөсү чоңураак болуп калды. Мисалы, президенттин учагын каалаган жагына айдатып кеткени аз келгенсип, аны партиясынын чогулушунда болушунча шыбап жатат. Мурдагы президенттерге байланыштырып жатат. Атамбаев өзү деле Бакиевдин убагында премьер-министр болгон да. Эми кечке эле мурункуларды шыбай бергенден толк чыкпайт. Керек болсо тегерегиндегилердин баары эски бийлик менен иштешкен.

-Жээнбеков Атамбаевдин коррупциялык иштеринин бетин ачат деп жатышат?

-“Датка-Кемин”, ТЭЦ боюнча ким күнөөлүү? Түндүк-түштүк альтернативалык жол боюнча да бир топ былыктар бар. Мисалы, 1 км жол 1 млн доллар болбойт да. Германиянын жолунан үч эсе кымбатка салынып жатпайбы. Анын сапаты кандай деген да суроо бар. Бул жерде чоң коррупциялык иштер болгон. Жээнбеков ошол коррупциялык иштердин четин чыгарып койду эле, Атамбаев “менин кадрларымды куугунтуктап жатасың” – деп жулунуп чыгып жатпайбы. Сооронбай эч качан Атамбаевге каршы сүйлөгөн эмес буга чейин. Эми булардын тирешүүсү чыр менен аякташы мүмкүн. Өч алуу деген жаман нерсе да.

-Парламент канчалык деңгээлде өз позициясын билдирип жатат?

-Парламенттик бийлик болгону менен азыркы Жогорку Кеңештин сапаты төмөн болуп жатат. Позициялары, принциптери жок “Чөнтөк парламент” болуп алышты. Конституция боюнча өкмөт менен парламенттин ортосунда президент турчу. Атамбаев “мен чоң саясатка кайра келем” – деп айткан. Ал парламентти таратып, өзү спикер болуп келмек. Анан президент да, өкмөт да өзүнүкү болуп, башкарып отурууну көздөгөн.

-Өкмөттөгү абал да жакшы эмес болуп жатат.

-Өкмөттө чеке жылытарлык иш болбой жатат. Ызы-чуу менен эле алек болуп калышты. ТЭЦ боюнча ызы-чуу чыкты, мына эми четинен камалып жатышат. Балык башынан сасыган да өзү. Германияда эки жыл мурда капиталдык реконструкциядан өткөн ТЭЦ 37 миллионго сатылып жатат. Ушуну өкмөт караштырып көрсө болмок. Анткени Германияда көмүр-мазут менен иштеген ишканаларга тыюу салынган. Ошол себептүү ТЭЦти сатыкка коюшту. Кубаттуулугу кытайлардыкынан бир канчага жогору. Эгер сүйлөшсө баасын да түшүрүп бериши мүмкүн. Ошону алып келип, курулуп келатып токтоп калган ТЭЦ-2ге орнотуп койсо сонун эле болмок да. Тилекке каршы, мындай иштер менен эч ким алек болбой жатат.

Булак: Ачык Саясат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: