Menu

Талас облусунун Айылдык Кеңештеринин депутаттарынын президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуусу

Бөлүшүү:

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сизге кайрылуубуздун себеби төмөнкүчө. Биздин айыл аймактарыбыз Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) күчү менен, Кыргыз Респубилкасынын Өкмөтүнүн кепилдиги менен Дүйнөлүк Банктан алынган кредитке ишке ашып келе жаткан ПСИ-3 (Проект сельских инвестиций – 3) долбоорунда түзүлгөн жагымсыз жагдай жөнүндө болуп жатат. АРИС ишке ашырып жаткан бул ири долбоор (баш-аягы 20 млн. долларды түзөт) 2017-жылдын май айынан бери таптакыр токтоп турат. Биздин Талас облусунун аймагында, аталган ПСИ-3 долбоорунун алкагында 15 социалдык объектилер салынмак. Бул ПСИ-3 долбоору конкурстук негизде өткөзүлгөндүгүнө байланыштуу, облустун айыл өкмөттөрү бул долбоорго жапырт катышып, 37 айыл өкмөттүн ичинен эң жакшы көрсөткүчтөрдү камсыз кылган 10 айыл өкмөттөрү конкурстун жеңүүчүлөрү деп 2017-жылдын апрель айында эле табылган. Бул чечим АРИС өзү түзгөн облустук комиссиялардын отурумунда жарыяланган. Бул конкурска катышуу үчүн айыл өкмөттөр толгон-токой иш-чараларды өткөзгөн, айыл аймактын өнүгүү стратегисын жазып чыкканбыз, бир нече тренингдерден өткөнбүз, айылдык жыйындарды, айылдык кеңештердин сессияларын өткөзүү, негизги көйгөйлөрдү аныктап чыкканбыз. Конкурста жеңип чыккан социалдык объектилердин проектик-сметалык документтерин өз каражатыбызга даярдаганбыз, объектинин 5% чейинки өздүк салымыбызды да эл чогултуп берген.

Тилекке каршы, ошондон бери 1 жылдан ашык убакыт өттү. 2018-жылдын башында бул ПСИ-3 долбоору токтоп калыптыр, ишке ашпайт экен, облустук конкурстун жыйынтыктары жокко чыгарылыптыр – деген кабар уктук. Себебин сурасак, АРИСТин аткаруучу директору А. Муктаров деген жигит ушундай чечим кабыл алыптыр, облустук комиссияларда коррупция болуптур, айылдарда да туура эмес иштер болуптур деген имиштерди уктук. Биздин АРИСке 1 жылдан берки кайрылууларыбыз эч жыйынтык берген жок. Жакында эле биздин каттарыбызга АРИСтен эч бир түшүнүксүз, накта бюрократиялык жооптор келип түштү. Биз алардын жообунан эч нерсе түшүнгөн жокбуз, эң негизги болгон “эмне үчүн Талас облусунда тандалып алган, облуста жеңип чыккан 15 социалдык объектилер салынбай калды, бул жерде ким күнөөлү?” деген мыйзамдуу суроого жооп ала албай койдук.

     Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Ушундан улам Сиздин наамыңызга кайрлууга биз мажбур болдук жана Сизге АРИС боюнча бир нече сурообуз бар:

  1. Эмне үчүн Өкмөт кредитке алган чет өлкөлүк ири каражатты АРИС бир жылдан бери иштетпей жана өздөштүрбөй басып жатат? Бул кыянаттык менен жазаган ишине АРИСтин директору А. Муктаров эмне үчүн жооп бербейт?
  2. Дүйнөлүк Банк менен аталган ПСИ-3 долбоорун ишке ашырууда АРИС эмне үчүн элдин жергиликтүү коомчулуктун таламын талашпайт жана Дүйнөлүк Банктын гана сөзүн сүйлөйт? Эмне үчүн 20 млн. доллардык кредиттин тагдырын АРИСтин жетекчиси эле, Өкмөттү , Жогорку Кеңешти, Президенттин аппаратын маалымдабай эле, өз билемдикке салып эле токтото берет? Ал жигитке ким андай укукту берген?
  3. АРИСтин директору А. Муктаров бизге жазган катына ылайык, мурунку конкурстун жыйынтыктары толугу менен жокко чыгарылган экен, жана бул долбоор Таласта кайра башынан башталмакчы дейт. Эгер АРИС өзү түзгөн, облустук комиссиялардын ишинде кандайдыр бир мүчүлүштүктөр кетсе, бизде, айылдык кеңештерде, айыл өкмөттөрдө, айылдын элинде эмне күнөө? Биздин бул долбоордун алкагында жазалган мээнетибизди, эмгегибизди АРИСтин бир эле директору тебелеп-тепсеп, жокко чыгарып коёбу?
  4. Эмне үчүн АРИСтин директору АРИСтин Талас облусу боюнча координатору Б. Абдыкадыровго буйрук берип, биздин оозду жапканга аракет кылышат? Эмне үчүн Б. Абдыкардыров “АРИСтен экинчи акча, грант албай каласыңар” деп, элди коркутуп,” Президентке, Өкмөткө жазбагыла! АРИСтин чечими абдан туура болгон, биз аларды колдойбуз!” деген катты алдын ала даярдап алып, айыл өкмөттөргө кол койдуруп, чапкылап жүрүшөт? Ушу да калыстыкка жатабы?
  5. Биздин маалыматтарга караганда, бул ПСИ-3 долбоору 1 жылдан бери тоңуп жатканы аз келгенсип, быйыл да, 2018-жылы да бир дагы социалдык объект (мектеп, бала-бакча, ФАП ж.б.) ишке киргизилбейт экен. Сиз жарыялаган “Аймактарды өнүктүрүү жылдын” максаттарын анда биз кантип аткарабыз, урматтуу Сооронбай Шарипович? Негизи эле бул АРИСтин жетекчиси А. Муктаров деген адам Сизге баш ийеби? Сиз 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаганыңызды АРИС билеби?
  6. ПСИ-3 долбоорунун 20 млн. доллар кредитти кайтаруу боюнча льготтук мөөнөтү болгону 6 жыл болчу. Анын 2 жылы (2017,2018жж) долбоор эч кыймылсыз турду. Кредитти төлөө мөөнөтү 2020-жылдан башталат. Эми ушундай жагымсыз жагдайды жаратканы үчүн АРИСтин жетекчилиги жооп береби же жокбу?

   Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Бул АРИСтин ПСИ-3 долбоорунун алкагында жеңүүчү деп аныкталган Талас облусундагы 15 социалдык объектини токтотпой эле 2018-жыл ичинде ишке киргизип беришиңизди Сизден өтүнөбүз. 2017-жылга чейин эң сонун иштеп жаткан АРИСтин ПСИ-3 долбоорун ишке ашыра албай, элдин алдында бийликти уят кылып жаткан АРИСтин жетекчилигине чара көрүп бересиз деп ишенебиз. АРИСте болуп жаткан каталар, мүчүлүштүктөр үчүн Талас эли запкы тартып калганы туура эмес деп эсептейбиз. Тез аранын ичинде катуу чара көрүлүп, аталган ПСИ-3 долбоорун Талас облусунда толук кандуу, мурунку облустук комиссия аныктаган чечимдердин негизинде ишке ашырып берүүңүздү Сизден өтүнөбүз.

Терең урматтоо менен,

Талас облусунун Айылдык Кеңештеринин депутаттары

Кошумча маалымат: АРИСтин Мал чарбасын өнүктүрүү долбоору түштүк 3 облуска деп $4,5 млн акчаны “Кыргызавтомаш” ишканасына которуп, грейдер жана экскватор алып берген. Бул боюнча өткөрүлгөн тендерде 400 миң сомго арзан сунуштар бар экенине карабай АРИСтин директору А.Муктаров тендерди Кыргызавтомашка берип койгон. Бул мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын одоно бузгандык.

(каттын оригиналы кайрылуучулардын тизмеси менен почта аркылуу жөнөтүлөт)

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: