Menu

Айылчы Сарыбаев, экономист: Кытайдан алган насыялар жемкорлордун кулкунуна коюлуп кетүүдө

Бөлүшүү:

Кыргыз-кытай өлкөлөрүнүн инвестициялык алакасы, тышкы карыздарыбыз тууралуу бир топ кооптонгон кептер айтылууда. Биздин мамлекет акыркы убактарда эмне үчүн кытай элинен гана насыяны көп алып, алар менен көп долбоорлор жүзөгө ашууда? Алардын пайыздары төмөнбү же алардан насыя алуу бизге ушунчалык ыңгайлуубу?

– Кыргызстанга инвестиция алып келип, ар кандай деңгээлдеги иштерди жасоого Кытай өлкөсү эле калды. Калганынын баарын кубалап чыктык. Азыркы убакта негизинен Кытайда ашыкча акчалар көп. Алар дүйнө
жүзүндөгү көп өлкөлөрдү инвестициялап жатышат. Ошол эле Американы, Орусияны ж.б. көп өлкөлөрдү мисал келтирсек болот. Анан жакын турган биздин өлкөгө кытайлар, албетте, кош көңүл карашпайт. Экинчиден, биздин өкмөт башчылары, президенттер сүйлөшүп келип эле акчаны тез колго алууга мүмкүнчүлүктөр жеңил. Ошондуктан алар өлкөнүн өнүгүүсүнө, айрыкча инфраструктурага түз инвестицияларды берип жатышат. Бул карыз эмес. Инфраструктураны өнүктүрүү үчүн инвестиция болушу шарт. Экономиканы өнүктүрүү үчүн эң биринчи инфраструктураны өстүрүш керек. Инфраструктура бул – жол энергетика системасы. Ушул экөө абдан жакшы өнүксө, бул өлкөнүн өнүгүшүнө жакшы шарт түзүлөт. Тилекке каршы, биздин өлкөдөгү коррупция, өлкөнүн ичиндеги өзүбүздүн финансылык ресурстарыбызды жашырып-жабуу, аларды бөлөк өлкөлөргө чыгарып кетүү абдан терс зыянын тийгизип жатат. Ички финансылык ресурстарбызды толук пайдалана албай, айлабыз кеткенде чет өлкөлүк инвесторлорго, алардын ичинен эң эле мүмкүнчүлүгү тез Кытайдан ала коюп жатабыз. Бул жерде инвестициянын дагы эки түрү бар. Бул биздин өлкөнү өнүктүрүүгө жардамы тиеби же тийбейби? Биз курулган инфраструктуралардын эсебинен салык алып, алган карыздан кутулушубуз керек. Инфраструктура экономиканы өнүктүрүүгө жардам берсе, ал өнүккөн экономиканын эсебинен салык төлөнө берет. Ушул механизмди так иштеп чыксак, бизге эч кандаң кытай инвестициясынын коркунучу жок болмок. Бирок, насыялар туура пайдалынылбай, жемкорлордун кулкунуна куюлуп кетүүдө.

– Кытайга болгон 2 млрд. доллар карызыбыз үчүн күрөөгө эмне коюлган?

– Эч нерсе күрөөгө коюлбайт. Мамлекеттин киреше-чыгашасынын эсебинен кепилдик берилет. «Сен берген акчаларды биз кайра бюджеттин эсебинен төлөп беребиз” деген убада бар. Бюджеттин эсебинен төлөнүп жаткандан кийин, ал келип жаткан инвесгицияны абдан эффективдүү, абдан жакшы пайдаланышыбыз керек. Биз болсо акча берген кишини күнөөлөп, аны иштете албаган кишини күнөөлөбөйбүз. Акмакты эмес акылдууну күнөөлөйбүз. Жемкорлорду, күнөөлүүлөрдү кеспейбиз, камабайбыз, бирок, акча берген киши күнөөлүү. Бул психологияны жеңишибиз керек.

Бизге каршы, Кытайга каршы үчүнчү күч бар. Ошолордун өкүлдөрү басма сөз маалыматтарына ар кандай ушактарды таратып, кыргыз-кытай мамилесинин өнүгүшүнө тоскоол болууга чоң аракеттерди жүргүзүшөт. Бүгүн Америка менен Орусиянын ортосунда абдан чоң маалыматтык согуш болууда. Кадимкидей согуш жүрүүдө. Эми ошондой туура эмес маалымат берип, эртең ар кандай чагымчылдык менен туура эмес иштерди жасоого түрткү болуп, мамлекетибизди жоготуу аракетин кылгандар туура эмес маалымат бере берет. Эгерде биздин элибиздин экономикалык, юридикалык билими жок болсо, ошондой маалыматтарга ишенип алышат да, ар кандай иштерге барат.

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: