Menu

Астанада айкел уурдоого шектелген адам кармалды

Бөлүшүү:

Астана полициясы 1932-1933-жылдардагы ачарчылык курмандыктарына арналып тургузулган монументтеги баланын скульптурасын уурдоого шектелген адам кармалганын билдирди.

Шаардык ички иштер департаментинен кабарлашкандай, колодон жасалган скульптура темир-тезек кабыл алуу жайында табылган.

«Скульптураны уурдоого жана аны сатып алууга шектелген адамдардын тек-жайы аныкталды», — деп билдиришти мекемеден.

Полиция «Уурулук» жана «Кылмыштуу жол менен алынган мүлктү сатуу жана сатып алуу» беренелери боюнча тергөө иштери башталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга камалганын билдирди.

Эстеликтеги баланын скульптурасы уурдалгандыгы тууралуу алгачкы жолу былтыр жайында кабарланган. Анын ордуна быйыл жыл башында жаңысы орнотулган. Бирок айкелди өткөн айда кайрадан уурдап кетишкен.

Аял менен баланын скульптураларынан турган 1932-1933-жылдардагы ачарчылык курмандыктарына арналган Астанадагы эстелик расмий түрдө 2012-жылы 31-майда ачылып, иш-чарага өлкө президенти Нурсултан Назарбаев дагы катышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: