Menu

Тогуз-Торолуктар Ак үй алдына митингге чыгышты

Бөлүшүү:

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунун 50 чакты жашоочусу Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Алар алтын иргөөчү фабриканын өрттөлүшүнө шектүү катары камалган 12 жарандын бошотулушун талап кылышууда.

11-апрелде Тогуз-Тородо миңден ашык киши катышкан митинг өтүп, алар курулуп жаткан алтын иргөөчү фабриканын имаратын каршылык иретинде толугу менен өрттөп жиберген.

Бул боюнча ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (“Ээнбаштык”) жана 174-беренеси (“Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу”) менен кылмыш ишин козгоп, 15 киши кармалган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде алардын ичинен үч аялды “өлкөдөн чыкпоо” жөнүндө тилкат менен бошотуп, калган 12 адамды №1 тергөө абагына камакка алган.

Кытайлык “Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясы Тогуз-Тородо алтын ылгоочу фабриканы 2016-жылы кура баштаган. Жергиликтүүлөр инвестор эл менен эсептешпей жатат деп фабриканын курулушуна каршы бир нече жолу митинг өткөрүшкөн. 11-апрелдеги тополоңдон кийин УКМК фабриканын курулушуна уруксат мыйзамсыз берилгени боюнча кылмыш ишин козгогон. Алдын ала эсептөөлөр боюнча өрт 1 млн. долларга жакын зыян алып келген. Фабриканын мындан аркы тагдыры мекемелер аралык комиссиянын бүтүмүнөн көз каранды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: