Кийинки учурда Бишкек жана Ош шаарларынын үстүндө фотохимиялык туман (кара туман, смог) пайда болуп, алар эски ооруларды козгоп, жаңы ооруларды пайда кылып жатканын Кыргызстандын баардык маалымат булактары жазып, айтып жатат. Кандай куракта болсо даты адамдын ооруганы аянычтуу, бирок, эң өкүнүчтүүсү, ойносо оюнга тойбой турган убагында жаш балдардын катуу ооруп, ооруканаларда жаткандыгы жүрөктү оорутат жана бул оорулардын жашарып баратышы кооптондурат.
Мисалы, 2009-2016-жылдардын улуттук отчеттон төмөнкүдөй өсүштү көрүүгө болот. Эгер 2009-жылы лейкемия (ак кан) оорусу менен 1-2 бала онкологияда жатса, 2015-жылы бул оору менен 53-54 бала жаткан. Ал эми ар кандай деффектилери бар (колу-буту иштебеген мунжу, кем акыл ж.б.) майып балдар 2009-жылы 100 баланын ичинен үч-төртөө төрөлсө (бул деле көп), 2015-жылы 100 баладан 23-24 бала төрөлгөн. Алты жылдын ичинде оорулуу, майып балдардын саны ушундай өсүп жатса, сөзсүз кооптонуу жаралат да. Ошондуктан, биз макалабызды жүрөккө катуу тийе турган тема менен бердик. 2015-жылдан кийин деле бул сандар азайган жок, себеби, адамдар жаратылышка мурункудай эле кайдыгер, жаман мамиле жасап жатышат. Алтургай 2017-жылы Япониядан 1500гө чукул радиоактивдүү машиналар алынып келинди.
Адамзаттын жашоосунда химиялык заттар өтө чоң ролду аткарып жатат. Эгер абанын кычкылтегин дем алуу, бензинди, көмүрдү, газды күйгүзүп, жылуулук энергиясын алуу үчүн ж.б. процесстерге колдонсок, сууну болсо организмдеги балансты туура сактап, ичүүгө, жуунууга, тамак-аш даярдоо үчүн колдонобуз. Топуракты адамдар ар түрдүү жашылча-жемиштерди, эгинди өстүрүү үчүн колдонуп, курулуш материалдарды алышат. Ал эми заттарды, кен байлыктарды иштетүүдөн алынган заттар, химия илиминин башка илимдер менен байланышынын өсүшү, адамзатты жөнөкөй эле жашоо-тиричилигинен баштап, космосту багындырууга чейин алып келди. Ошентип, химиялык заттар, химиялык процесстер адамга кийсе кийим, ичсе тамак, ооруса дары, учса самолет, көрсө телевизор, дем алса аба ж.б. болуп келе жатат. Бирок, химиялык заттар, химиялык процесстерди жакшы түшүнүп, баардык коопсуздук эрежелерди сактап, өндүрүп жана колдонбосо өтө катуу жазалап коюшу мүмкүн.
Фотохимиялык (кара туман, смог) туман. Таштандыларды, белокторду, ж.б. азоту бар заттарды өрттөгөндө абага N02 (күрөң газ) чыгат. Бул газ абадагы чаң ж.б. аэрозолдор менен аралашканда фотохимиялык туман (смог) пайда болот. Өнөр жайлары, транспорту көп шаарлардын үстүндө дайыма кара туман болуп турганын биз өзүбүздүн эле Бишкектен көрүп жүрөбүз. Фотохимиялык туман адамдардын дем алуу органдарынын оорусуна алып келет. Эски бронхит, астма, пневмония, өпкөнүн эмфиземасы, көз оорулар, жүрөк оорулар күчөйт. Себеби, тумандын курамындагы аэрозолдордо түстүү жана кара металлдардын чаңдары кадмий, сымап, йод, коргошун, нитраттар, сульфаттар, нефть, дифенил, диоксин, пестициддердин майда бөлүкчөлөрү болот. Фотохимиялык туман күндөн түшүүчү УФ-нурларын өткөрбөй, анын натыйжасында жердин үстүндө чирүү процесстери жүрөт экен. Бул чирүүдөн чыккан газдар, чаңдар адамдын организминде ооруларды пайда кылат. Мындай чаңдардан (аэро-золдордон) сактаныш үчүн айлана-чөйрөнү таза сактап, көбүнчө бак-дарактарды көбөйтүш керек. Анткени, бактардын жалбырактарына чаңдар (транспорттон, ЖЭСтерден чыккан) конуп-чөгүп, андан ары абага тарабай, учпай калат. Дегеле, бак-дарактардын адамдар жашаган жерлерде көп болуусу, адамдардын ден соолугу таза болушуна, оорубашына, таза аба менен дем алуусуна өтө чоң ролу бар. Ошондуктан, ар бир баланы бак-дарак тигип, аларды сугарып, багып туруусуна үйрөтүш керек. Бул болсо ата-эненин, мугалимдердин, тарбиячылардын милдети болот жана өзүлөрү үлгү көрсөтүш керек.
Фотосинтез. Жаратылышта абанын курамында кычкылтек аз эле. 100 литр абада болгону 21 литр кычкылтек, калганы азот 78%, 1%ы башка инерттүү газдар. Бул курам таза абанын курамы, ал эми антропогендик факторлордун негизинде абанын курамы аябай өзгөрүп, булганды. Ошол 21% кычкылтекти адамдар, жаныбарлар дем алыш үчүн жаратылыш берген жана кайра калыбына келтирип туруш үчүн өсүмдүктөрдү жараткан. Кычкылтек менен дем алганда адамдын канынын курамындагы гемоглобин кан аркылуу организмдин баардык точкаларына, клеткаларына кычкылтекти жеткирет. Келген кычкылтек менен организмде кандайдыр бир химиялык, биологиялык реакциялар жүрүп, энергия бөлүнүп чыгат экен. Ошол энергиянын негизинде биздин организмибизде дайыма 36,6°С температура болуп, колу-бутубуз кыймылдап, мээбиз иштеп, көзүбүз көрүп, кулагыбыз угуп б.а. организм жашап, адам жашап турат экен.
Ис газы (СО). Кычкылтек аз болгон чөйрөдө отундар: көмүр, газ, бензин, таштандылар күйгөндө C02-KӨMYP кычкыл газы менен кошо эле. СО-көмүр (II) оксиди пайда болот. Бул СО-газын ис газы дейбиз. Ис газынын абадагы нормасы 1м3 же 1000 л абада 20 мг СО болуш керек. Ал эми транспорт «тыгындары» пайда болгондо абадагы СОнун концентрациясы 4-8 эсеге чейин көп болуп калат. Ис газы менен дем алган адамдын адегенде башы айланып, кускусу келип, башы ооруп, ууланат. Эгерде абада СОнун концентрациясы 10-80% болгондо адам өлөт. Бул процесс мындай түшүндүрүлөт: бүт организмге кычкылтекти жеткирүүчү гемоглобин экиваленттүү темирдин (Fe+2) комплекс-бирикмеси. Аба менен кошо (СО) ис газы киргенде гемоглобиндин курамындагы Fe+2- (темирди) тартып алып, Hb-гемоглобин НЬ-СО-карбоксигемоглобинди пайда кылат экен. Ал эми темири жок гемоглобин такыр башка затка айланып, өзүнүн функциясын аткара албай, кычкылтекти организмдин точкаларына жеткирбей калат. Ошондуктан, адам өлүмгө учурайт же аз кандуулук, ак кан оорулары менен ооруйт. Абадагы ис газынын (СО) концентрациясы аз болуш үчүн дагы бак-дарактардын көп болгону жакшы. Себеби, фотосинтез реакциясынын негизинде кычкылтек көп пайда болуп, отун күйгөндө С02 эле бөлүнүп чыгат. С02 көмүр кычкыл газынын көп пайда болушу дагы зыяндуу. Анткени, «парник газдарынын» негизин (60%ын) ушул газ жана суунун буулары түзөт. «Парник газдары» парник эффектисин пайда кылып, ал болсо климаттын ысышына алып келип жатат. Климаттын өзгөрүшү азыркы глобалдуу көйгөй болуп калды. ( Бул макалада парник эффекти жөнүндө жазган жокпуз, себеби, -өтө көп орунду ээлейт.
Радиоактивдүү нурлар организмге киргенде ошол жердеги канбы, суубу же клеткабы, алардын молекулаларын радикалдарга айлантып жиберет. Радикалдар активдүү бөлүкчөлөр, ошондуктан, андан ары чынжырлуу реакция жүрүп, молекулалар бузула берет. Бул болсо адамдарды ооруга алып келет. Hyp оорулардын жаман жери анын укум- тукумга терс таасирин бергени. Экинчи, үчүнчү муунга чейин , созулуп, эркектердин тукумсуздугуна алып келет. 1945-жылы Япониянын Нагасаки, Хиросима шаарларына түшкөн атом бомбасынан Япония азыркыга чейин жабыркап келе жатат. Ар түрдүү деффектиси менен адамдар, жаныбарлар төрөлүп, өсүмдүктөр да ооруп жатышат. Бизде болсо 2011-жылкы уулуу көмүрдүн, оор металлдардын жана башка зыяндуу заттардын натыйжасы болсо керек. Эгерде 2009-жылы Кыргызстанда 100 баладан 3-4 бала деффект (мунжу, кем акыл, ар түрдүү кемтиги бар) менен төрөлсө, 2015-жылы 100 баладан 24-25 бала деффект менен төрөлүп жатканын, Казакстандын Кулан көмүрүнүн (норма 18 микрорентген/саат болсо, Кулан көмүрүнүн радиациялык фону 180 микрорентген/саат батгон 10 эсе көп) таасири болуш керек. Ошол көмүрдүн 4500 тоннасы (фону j 60-70 болгон) дагы эле ТЭЦтин жанында жатат. Ойлоп көрсөңөр, бул балдардын, алардын ата-энелеринин убалы кимге? Жогоруда айтылгандар балдардын эле статистикасы, чондорду кошсо өтө эле көп болот. Коляскада жүргөн адамдардын саны деле көбөйгөнүн көрүп жүрөбүз. Канчасы үйдө ооруп жатышат, ар түрдүү рак оорусу менен.
Оор металлдар да айлана-чөйрөгө таралат. Коргошун, сымап бензинге кошулат, күйүүнүн ылдамдыгын акырындатыш үчүн. РЬ(С2Н5)4 тетраэтил коргошун күйгөндө С2Н5 радикалдар С02, Н2Ого айланып, коргошундун нанобөлүкчөлөрү айлана-чөйрөгө таратат. Эгер сууга, өсүмдүктөргө коргошун түшсө, аны ичкен, жеген убакта адамдын организмине кирет жана заара, тер ж.б. менен организмден чыгып кетпейт. Ошентип, коргошун муундарга топтолуп, адам шал же башына топтолсо (алцгеймер оорусу) кем акыл болуп калат. Транспорт көбөйгөндө коргошун да айлана-чөйрөгө көп таралат, мындай шартта коргошун менен уулануу да көбөйөт.
Сымап да аккумуляторлордо, батареяларда, сымап лампочкаларында болот. Ал эми организмге сымаптын буусу киргенде конденсацияланып, ал кан менен кошо айлана берет. Мээге барган убакта мээнин бир точкасына туруп калса ошол жердеги мээнин командасы иштебей калат да адамдар жабыркап, оорушат. Сымап сулемага (HgCl2) айланса, сулема – өтө уулуу зат, ал организмге кирсе тез эле өлүмгө алып келет. Мурунку термометрлерде сымап болгон, коопсуздук эрежесинин негизинде азыркы термометрлерге сымапты колдонбой калышты. Энергияны үнөмдөөчү лампочкаларда ар биринде 150 мг сымап болот. Эгер лампочка сынса 500000м3 же 500000000 литр абаны булгайт экен. Ал эми бизде ремонт жасашып, көптөгөн лампочкаларды таштандыга таштап жатышат.
Кадмий. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмеси боюнча кадмий коргошунга караганда уулуу. Жыл сайын дүйнөдө 20000 тоннадан ашык өндүрүлөт жана кадмий күмүш аккумуляторлордо кеңири колдонулат. Кадмий касиети боюнча цинкке окшош, ошондуктан, кээ бир химиялык процесстерде цинкти алмаштырат. Кадмий менен ууланганда заарада белок көп болуп, нерв системасы бузулуп, сөөктөр ооруп, кан басымы өзгөрүп, бөйрөктө таш пайда болот. Кадмий айрыкча бөйрөктө тез топтолот. Эгерде адамдын организмине бир жолу 30-40 мг кирсе, ал өлүмгө алып келет. Кадмий айрыкча автомобиль жол жээктеринде көп топтолот. Ошондуктан, жол жээкте өскөн жашылча-жемиштерди 1 жебестен, аларды саткан убакта жол жээгинен 30-40 м алыс жайланышы керек. Биз кээ бир оор металлдардын организмге тийгизген таасирин карадык, башка металлдар менен бул тизменин уландысы китептерде жазылган. Бир сигареттин курамында 2»109г болот. Тамекитарткандар күнүнө 1-4 микрограмм алат. Кадмийге анализди Р -2 микроглобулин менен заарага жасашат. Чектелген концентрациясы (ПДК-1«10 4%). Өкмөтубүз «Таза коом» түзөбүз Деп аракеттенип жатышат. Бул үчүн жаратылышыбызды, айлана-чөйрөбүздү таза сакташыбыз керек. Ар бирибиз туура мамиле жасасак, кайдыгер карабасак, коррупция, контрабандага жол бербей, баардык аракетгерди эреже, мыйзамдар боюнча аткарсак I эле туура жыйынтык алабыз деп ойлойбуз.
Сайнаке Бообекова
КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Ж.Баласагын атындагы КУУнун «Ардактуу профессору», Органикалык эмес химия жана химиялык технология кафедрасынын профессору, Астра Дүйшөнбаева, Ж.Баласагын атындагы органикалык эмес химия жана химиялык технология кафедрасынын башчысы, х.и.к., доцент
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ