Бүгүн, 23-апрелде Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Экологиялык коопсуздук жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 3-окууда каралып, жактырылды. Демилгечилер: КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Максат Сабиров, Жыргалбек Турускулов, Акылбек Жамангулов, Мирлан Бакиров, Улан Чолпонбаев. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Комитет жыйынында мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири депутат Мирлан Бакиров баяндама жасады.
Маалыматка ылайык, “Ысык-Көл” экологиялык –экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору Ысык-Көлдүн жээгинен 300 метрден кем аралыкта капиталдык курулуш курууга тыюу салуу максатын көздөйт. Аракеттеги мыйзамда бул чек 100 метр деп белгиленген.
Ал эми КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске сунушталган түзөтүү менен ар кандай капиталдык курулуштарды пландоодо, долбоорлоодо жана курууда экологиялык талаптарды бузууда жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн 50 өлчөмүндө, кызмат адамдарына 100 өлчөмүндө, юридикалык жактарга 500 өлчөмүндө администрациялык айып салуу каралган.
Комитеттин бир катар депутаттары мыйзам долбоорун колдоо зарылдыгын белгилешти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ