Menu

Америкалык банк Тажикстандын баалуу кагаздарынын көбүн сатып алды

Бөлүшүү:

Тажикстан эл аралык каржы базарына 500 миллион доллар өлчөмүндөгү мамлекеттик баалуу кагаздардын (евробонддордун) экинчи топтомун сатыкка койду. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы өлкөнүн Каржы министрлигиндеги өз булактарына шилтеме кылып жазды.

Маалыматка караганда, баалуу кагаздардын көпчүлүк бөлүгүн америкалык Merrill Lynch инвестициялык банкы сатып алды. Бул банк буга чейин эле Тажикстандын мамлекеттик облигацияларынын активдүү кармоочуларынын бири болуп эсептелчү.

Тажикстан Улуттук банкынын билдирүүсү боюнча, эки жума мурда Merrill Lynch банкынын, ошондой эле Fidelity, Metlife, BNP Paribas, T. Rowe Price, Barings, Eaton Vance жана Danske инвестициялык фонддорунун өкүлдөрү Рогун ГЭСине барышып, анда түрдүү объектилердин курулушу менен таанышып келишкен.

Merrill Lynch — баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан ири америкалык инвестициялык банк болуп эсептелет.

Өткөн жылы сентябрда Тажикстан Улуттук банкы эл аралык каржы базарында мамлекеттик баалуу кагаздар (евробонддор) ийгиликтүү сатыла баштаганын билдирген. Алар Рогун ГЭСинин курулушуна каражат тартуу үчүн 500 миллион долларлык баа менен сатыкка коюлган.

Тажикстандын баалуу кагаздарынын бет ачары былтыр 28-августтан 8-сентябрга чейин төрт шаарда — Лондондо, Цюрихте, Нью-Йоркто жана Бостондо болгон. Өлкөнүн Улуттук банкынын маалыматы боюнча, баалуу кагаздардын 38% АКШнын, 24% Улуу Британиянын, 35% Европа биримдигинин жана 3% Азиянын инвесторлору сатып алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: