Тажикстан Жазуучулар бирикмесинин комиссиясы уюмдун 400гө жакын мүчөсүнүн чыгармаларын талдап чыкты. Анын жыйынтыгы менен 40 адабиятчы мүчөлүк билетинен ажыратылса, бешөөсүнө сыноо мөөнөтү берилди.
Бирикменин күн мурун жарыяланган баяндамасында 2010-2015-жылдар аралыгында мүчөлүккө өмүр баянын сабаттуу жаза албаган адамдар дагы кабыл алынганы белгиленген.
«Жазуучулар бирикмесине кабыл алууда уюмдун уставындагы талаптар эске алынган эмес. Алардын көбүнүн жазган китептеринде кандайдыр бир адабий баалуулуктар болгон эмес. Уюмга тарых, медицина, саясат таануу өңдүү адабиятка эч кандай тиешеси жок тармактар боюнча кичинекей китепчелердин авторлору дагы кабыл алынган», — деп жазылган баяндамада.
Жазуучулар бирикмесиндеги «тазалоо иштери» 2015-жылы июнда, уюмдун башчылыгына белгилүү акын Низом Косим келгенде башталган. 2016-жылы бирикмеге жаңы мүчөлөрдү кабыл алууга мораторий жарыяланган.
Ал ортодо мүчөлүктөн чыгарылган жазуучулардын бири Гули Зард ар-намысын коргоо үчүн сотко арыз менен кайрылууга ниеттенип жатканын билдирди. Ал Жазуучулар бирикмесинин башчысынан жана анын эки орун басарынан 150 миң сомони (17 миң долларга жакын) өлчөмүндө компенсация өндүрүп алууну көздөп жатат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ