Menu

Жалал-Абад: радиациялык кырсыктардын курмандыктары эскерилет

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” паркында Радияциялык кырсыктардын жана апааттардын курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнүнө жана Чернобыль атомдук электр станциясындагы кыйроонун 32 жылдыгына арналган иш-чара 26-апрелде болуп өтөт. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Мэрия тарабынан атайын чыгарылган буйрук аркылуу иш-чараны уюштуруу комитети түзүлүп, зарыл даярдык иштерин аткаруучулар белгиленген. Ал эми шаар мэриясы тарабынан жалпы иш-чарага 26 миң сомго жакын каражат бөлүнүп, Чернобыль апаатынын 24 катышуучусуна 700 сомдон, апааттан улам курман болгон же майып болгондордун 3 үй-бүлөсүнө материалдык жардам катары 2000 сомдон берилмекчи.

Эскерте кетсек, жыл сайын Жалал-Абад шаарында Чернобыль апаатына байланышкан атайын иш-чаралар уюштурулуп, шаар мектептеринде ачык сааттар өткөрүлөт. Чернобыль апаатынын катышуучулары менен жолугушуулар уюштурулат.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: