Бишкек шаардык кеңешинин атайын депутаттык комиссиясы борбордо 84 гектар жер тилкеси ижарага берилип кеткени боюнча иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы торагасы, “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Канатбек Мүзүралиев билдирди. Депутат Бишкек шаарында акыркы жылдары курулган көп кабаттуу 104 үй пайдаланууга берилгени турганын, алардын канчасы жеке менчик жерге, канчасы муниципалдык жерге курулганы да такталышы керектигин айтты. Бул жагдай экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири Албек Ибраимовго дагы кезек жеткенин билдирет. Бул коңгуроо жакында мэр иштен алынып, арты казылатдегенди каңкуулайт. Бул эле эмес, «Манас» аэропорту боюнча да иштер чыгат. Айтор башына кара булут айланчу күн алыс эместей…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ