Өткөн жумада Сапар Исаков башында турган өкмөттун тагдырын төрт эле саяк чечип койду. Башкача айтканда, Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов, «Республика – Ата-Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов, КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов, ошондой эле Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин башчысы Канат Керезбеков Сапарды ээрден шыпырганга өбөлгө түзүштү. Оппозициялык фракциясынын башчылары Шыкмаматов менен Турускулов өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү демилгелеп, аны комитет башчысы Керезбеков корутундулап палатага алып чыгып, КСДПнын башчысы колдоп, айтор жумгалдыктардын жумалыгы кылышты. Өкүнүчтүүсү, 4 саяк чалган иштин айынан бир саяк иштен кетмей болду. Тактап айтканда, Экотехинспекциянын башчысы Канат Муратбеков иштен алынганы калды. Ордуна ЖК дагы эле депутаттар куда түшүп чуркап журушөт.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ