Башкы прокуратуранын соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган Улан Чалбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 313-1 -беренеси (“пара алуу”) боюнча айыбы угузулду. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен үчөө тең тергөө аяктаганча УКМКнын тергөө абагында кармалып турмай болду. Учурда тергөө иштери уланып жатат.
Эске сала кетсек, Улан Чалбаевди 16-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери колго түшүргөн. Айрым маалыматтар боюнча, ал азырынча аты айтылбаган жарандан пара катары 500 миң доллар талап кылган. Анын кайсы иш үчүн пара алганы азырынча айтыла элек.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ