Menu

Видео – Ош шаарында 12 кабат үйдөн чыккан өрттөн алты киши жабыркады

Бөлүшүү:

23-апрелден 24-апрелге караган түнү Ош шаарынын Жим көчөсүндө жайгашкан 12 кабат үйдү өрт чалып, өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Министрликке өрт чыкканы тууралуу түнкү саат 23:23тө маалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө Ош шаардык №13 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн, Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн эки бөлүм, №85 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүм тартылган. Аларга Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жана ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун ыкчам тобу КБП (ППУ) авто унаасы менен келип, көмөктөшкөн.

Өрттүн натыйжасында 5-кабаттагы эки батирдин эшиги, коридору жана үй эмеректери күйгөн.

Баштапкы маалымат боюнча өрттүн кесепетинен алты адам жабыркап, Ош шаардык ооруканасына жеткирилген.

Мындан сырткары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан 20 кызматкер жана “Тез жардам” кызматынан үч бригада тартылып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Өрт 00:50дө толук өчүрүлгөн. Учурда себеби такталууда. Кошумча маалымат берилет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: