Menu

Өзбекстан ТАПИ долбооруна катышат

Бөлүшүү:

Өзбекстан Түркмөнстан — Ооганстан — Пакистан ؙ— Индия (ТАПИ) газ куурун куруу долбооруна катышат. Бул тууралуу 23-апрелде журналисттер менен болгон жолугушуусунда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев билдирди.

Өзбекстан лидери ТАПИни Ооганстандагы абалды турукташтырууга түрткү болчу фактор деп атады.

«Өзбекмунайгаз» ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Алишер Султанов эки өлкө президенттеринин жолугушуусунан кийин Өзбекстандын газ түтүгүнүн курулушуна катышуусун карап чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү тапшырылганын билдирди. «Жакынкы убактарда биздин өкүлдөр Ашхабадга барып, бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр башталат», — деди ал.

Өткөн жумада «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булактары Гурбангулы Бердымухамедов Өзбекстан президентине ТАПИ газ куурунун курулушуна материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылууга ниеттенип жатканын кабарлашкан.

ТАПИ газ куурунун Түркмөнстандагы бөлүгүнүн курулушу 2015-жылы декабрда башталган. Курулуш иштерин аткарып жаткан TAPI Pipeline Company Limited компаниясы Түркмөнстандын аймагынан Индияга 2020-жылдын башында газ бере баштоону пландап жатат. Узундугу 1,814 чакырымды, баасы 10 миллиард долларды түзгөн бул түтүк аркылуу Галкыныш кенинен жылына 33 миллиард куб метр газ жеткирүү каралууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: