Тажикстан бийлиги жарадар болгон Ооганстан аскерлерин өз аймагында дарылоодон баш тартууда.
Буга чейин Тажикстандын чек ара кызматындагы булак Ооганстан менен чектеш аймактардагы ооруканалар коңшу өлкөдөн келген балдарды жана кош бойлуу аялдарды гана дарылоону чечкенин айткан.
Анын билдиришинче, 2012-жылдан тарта уруш учурунда жаракат алган ооган аскер кызматкерлерин, чек арачыларын Хатлон жана Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы ооруканаларга дарыланууга жөнөтүп турушкан.
«Бизге Ооганстан борборуна жеткирүүгө мүмкүн болбогон жана тезинен операция жасалышы керек делген аскер кызматкерлерин алып келип турушкан», -деди өз булак.
Былтыр Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун Ишкашмиш райондук ооруканасына талиптер менен кармашта жаракат алган ооган аскерлерин алып келишкен. Алардын бирин операция жасоо үчүн Хорогдогу ооруканага жеткиришкен.
«Биздин ооруканада негизинен ооган чек арачылары дарыланып келген. Алар чек араны кайтарып, куралдуу топтордон бизди коргошот деп ойлогондуктан, аларды дарылоону милдет катары эсептечүбүз», – деди чек ара кызматынын өкүлү.
Тажикстан аймагында ооган аскер кызматкерлерин дарылоодон баш тартуунун себептери расмий түрдө айтыла элек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ