Menu

Чолпонбек Сыдыкбаев: Парламент президенттин көлөкөсүндөгү саясий институт болуп калды

Бөлүшүү:

Жаңы түзүлгөн Өкмөттүн курамына купулуңуз толдубу?

– Жаңы курам бат эле арыдан-бери болду. Тандалган өкмөт мүчөлөрү эми иштин жүрүшүнө жараша дараметтерин көргөзүшөт го… Вице-премьер министрлер туура тандалгандай сезилүүдө. Мисалы, Кубатбек Воронов, Алтынай Өмүрбекова сыяктуу кадрлар иштин майын чыгарчулар деп эсептейм. Социалдык тармак эң көйгөйлүү, татаал тармак эмеспи. Мына ушул тармакка өз ишин жакшы билген, тың адис Алтынай Өмүрбекованын келгени кубандырат. Анан албетте, эт менен челдин ортосунда жүргөн кадрлар да дайындалганын жокко чыгарбайм.

– Өкмөт курамындагы көп кызматкерлер буга чейин иштегендер, жаңы жүздөр, жаңы көздөр жок деп нааразы болгондор болууда, муну сиз кандай баалайсыз?

– Жаңы жүздөр келиш үчүн жаңы партия бийликке келиш керек. Өкмөттү парламент түзгөндөн кийин, парламенттеги партиялар сунуштаган министрлер кайдан келет? Ушул эле партиялар кызматтарды бөлүштүрөт да алардын сунушун өкмөт башчы четке какпайт. Парламент кеткиче бул айлампа улана берет. Жаңы жүздөрдүн, жаңы саясий күчтүн саясий аренага келишине азыркы жарым-жартылай партиялык, регионалдык, кландык система жол бербейт.

– Өкмөттү кайра-кайра алмаштыра берүүдөн эмне өзгөрөт?..

– Өкмөтгүн тез-тез алмашышы бизде адат болуп калбадыбы. Эртең эмне болооруна кепилдик жок, өкмөт качан болбосун чемоданын камдап, кызматка көпкө тураарым арсар, кылчу нерселерди кылып алайын деген ойдо иш алып барат. Мындай шартта иш кантип жакшы болсун. Ал эми жаңы дайындалган өкмөт эки жылга чейин парламент тараганча иштеп берет го деп ойлоп жатам. Дүйнөлүк тажрыйбада парламенттик системанын бир
Парламентте жаман жери өкмөт туруксуз болот. Кыргызстанда партиялар майда, чачыранды, монолит партия болуп, кыргыз саясатынын шартында ашкере туруксуз болуп жатпайбы. Анын үстүнө партия лидерлердин принципсиздиги, “көчмөн духтун” партиялык системадагы ролу да буга өз таасирин тийгизип жатат. Идея эмес корпоративдик, партиялык-кландык кызыкчылыктар өкүм сүргөн, мындай кызыкчылыктар чечүүчү ролдо турган өлкөдө башкача болушу мүмкүн эмес.

– 6-чакырылыштагы парламент ушуну менен 3 өкмөттү алмаштырды, айрым саясатчы эксперттер өлкөнү саясий кризиске кептеген парламент болууда, андыктан парламенттин саясий жоопкерчилигин караш керек дешүүдө, бул боюнча оюңуз кандай?

– Албетте парламент бүгүн парламенттик башкаруунун эталону боло албай жатат. Буга баарыбыз күбө болуудабыз. Парламент Президенттик институттан тайсалдаган, “Өңдү көрсө жүз тайган” жалтак, трибунадан калп эле кожо көрүнүшкө салып коркондоп, добуш берүүгө келгенде саясий заказды аткарган аткаруу бийлигинин, президентши көлөкөсүндөгү саясий институт болуп калды тилекке каршы…

– Экс-премьер Сапар Исаков парламентти “Саясий өлүк” деди… Чын эле ошондойбу?

– Биздин парламент шыбыртка жараша кубулуп өлүккө айланып, керек учурда хамелеон болуп маскасын алмаштырып, керек учурда кой “терисин жамынып” чыга келип жатышпайбы. Эгер эртең Алмаз Атамбаев Чүйдү көтөрүп, бийликти 2007-жылдагыдай чөгөлөткөнгө жараса, ушул эле парламент башкача позицияны ээлеп чыга келиши мүмкүн. Парламентте Рыскелди Момбеков, Алмамбет Шыкмаматов, Жанар Акаевдей саналуу эле депутаттар болбосо, Жогорку Кеңеш коммерсант фирмачылардын уюгу эле болуп калмак. Албетте, Сапар Исаковдун айтканында чындык бар…

Мирлан Алымбаев

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: