Menu

Ош милициясына кумарканаларды үч күн ичинде жабуу тапшырылды

Бөлүшүү:

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына калаадагы кумарканаларды үч күн ичинде жабуу тапшырылды. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков 24-апрелде шаар милициясынын жаңы башчысы Мурат Бороновдун алдына ушундай милдет койгонун министрликтин басма сөз кызматы билдирди

Өмүрзаков тургундардан оюн клубдарына байланыштуу көп арыздар түшүп жатканын, айрымдар мүлкүн, ири акча каражаттарын уттуруп жиберген учурлар бар экенин белгилеп, Бороновго маселени жеке көзөмөлүнө алууну буйруду.

Мурат Боронов мурда Ош облустук ИИБны жетектеген. 23-апрелде шаар милициясына башчы болуп барган.

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тартып казино жана башка кумар оюндарына тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго чектөө коюлган.

Тыюу салынганына карабай, кумар оюндары Интернет аркылуу ойнолуп жатканын Жогорку Кеңеш депутаттары айтып келишет.

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: