Алматы облустук соту КазТАГ маалымат агенттигинин башчысы Асет Матаевди жатак абакка чыгаруу боюнча токтом кабыл алды.
Облустук сот Асет Матаев абакта тартип бузбаганын эске алган.
Буга чейин Капшагай шаардык соту 33 жаштагы Асет Матаевдин калган жазасын жатак абакта өтөө суранычын канааттандырган эмес.
2016-жылы 3-октябрда КазТАГ агенттигинин жетекчиси Асет Матаев акча кымырууга жардам берген делип, беш жылга эркинен ажыратылган. Казакстан Журналисттер бирикмесинин жана Улуттук пресс-клубдун жетекчиси Сейтказы Матаев мамлекеттин акчасын кымырууга жана салык төлөөдөн качууга айыпталып, алты жылга кесилген.
Экөөнүн тең мүлктөрү конфискацияланган. Аларга мамлекеттик жана коммерциялык жетекчилик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салынган. 2017-жылы 63 жаштагы Сейтказы Матаев шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурун эркиндикке чыккан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ