Menu

Лукашенко: “Бизди бир-бирден оңой эле талкалап коюшат”

Бөлүшүү:

Беларус президенти Александр Лукашенко Армениядагы “баркыт революциясына” комментарий берип жатып, “бизди мына ушунтип бир-бирден оңой эле талкалап коюшат”, деп айтты.

Лукашенко сөз ким жөнүндө болуп жатканын айткан так айткан жок. “Акылыбызды топтоп, көйгөйлөрдү чогуу чечүүнүн ордуна, бири бирибизди жакадан алып, тумшукка коюп жатабыз”, – деди беларус президенти парламент жана өлкө жарандарына жолдогон кайрылуусунда.

Арменияда 11 күнгө созулган нааразылык акцияларынан кийин 23-апрелде Серж Саргсян премьер-министрлик кызматтан кетүүгө мажбур болгон. Ал жаңылганын, оппозиция лидери Никол Пашиняндики туура болгонун айткан.

“Түзүлгөн кырдаалды чечүүнүн бир нече жолу бар. Бирок мен алардын бирөөнө да барбайм. Андай жол меники эмес. Мен премьер-министрлик кызматтан кетем”, – деп жазылган Серж Саргсяндын билдирүүсүндө.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Армениядагы окуялар тынч мүнөздө өткөнүн белгилеп, тараптардын баарын мындан ары дагы токтоо болууга, мыйзамды жана адам укуктарын сыйлоого чакырган.

Серж Саргсян Арменияны 10 жыл башкарган. Александр Лукашенко 1994-жылдан бери Беларустун президенти болсо, Владимир Путин Орусиянын 18 жылдан бери жетектеп келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: