Menu

АРИС Талас облусунун Айылдык Кеңештеринин депутаттарынын тынчсыздануусуна жообун кайтарды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) бүгүнкү күндө Айыл Өкмөттөрүнүн башчыларынан жана Айылдык Кеңештердин депутаттарынан, райондук мамлекеттик администрацияларынан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн, ошондой эле коомчулуктардын өкүлдөрүнөн (АИД-3) ишке ашырылышы тууралуу көптөгөн кайрылууларды алып жатат. АРИС, анын ичинде Үчүнчү айылды инвестициялоо долбоорунун коллективи мекендештерибиздин бул долбоордун иш аракетинин токтотулушу жараткан тынчсыздануусун түшүнүү менен кабыл алып, долбоорду ишке ашырууда түзүлгөн кырдаал тууралуу түшүндүрүү иштерин алып барган жана мындан ары да алып бармакчы.

Агентство АИД-3 долбоорун Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы келишим ратификациялангандан кийин 2016-жылы февраль айында ишке ашыра баштаган. Долбоордун максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомчулуктун өнүгүү процессин биргелешип пландоодогу дараметин жогорулатуу жана жергиликтүү коомчулукка инфратүзүмдөргө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу болуп саналат. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан каржыланган АИД-3 долбоору Кыргыз Республикасынын 4 облусунда ишке ашырылат: Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын. Долбоор 3 циклге бөлүнүп, алардын ар биринде коомчулуктарда социалдык мобилизация, өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомчулуктун өкүлдөрүн бюджеттөөнүн негиздерине, өнүгүү стратегияларын даярдоого ж.б. окутуу ишчаралары каралган. Өз алдынча башкаруу органдары менен коомчулук арасында жүргүзүлгөн иш аракеттердин эң негизгиси болуп, өзүнүн ичине подпроект (баасы 20 000 АКШ доллардан ашкан) жана микропроекттерди (баасы 20 000 АКШ доллардан ашпаган) камтыган Айыл Өкмөттөр тарабынан даярдалган сунуштарды карап чыгуу үчүн уюштурулган сынак болмокчу.

Долбоордун биринчи циклинде, ФАПтарды куруу жана калыбына келтирүүнү, бала бакчаларды куруу жана калыбына келтирүүнү, спорттук объектилерди курууну, таза суу менен камсыздоо тутумдарын калыбына келтирүү жана жакшыртууну, ошондой эле жабдыктар менен атайын техникаларды сатып алууну камтыган, жалпы баасы 200 млн. сомдон ашкан жалпы эсеби 51 микро- жана подпроект тандалып иш жүзүнө ашырылган. Бирок, 2016-жылдын аягы 2017-жылдын башында, Дүйнөлүк банк тарабынан кээ бир олуттуу чечимдер донорго билдирбей туруп кабыл алынып жаткандыгы жана ошондой эле долбоордун Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы кол коюлган келишимде аныкталган максаттарга жетпей калуу коркунучу жаралып жаткандыгы тууралуу билдирүү жасаган. Ушул себебке байланыштуу 2017-жылдын март айында донор тарабынан АРИС менен макулдашып, долбоордун биринчи циклинин жүрүшүн текшерүү башталып, ошону менен бирге экинчи циклдин жыйынтыгында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрүн жарыялабай туруу тууралуу өтүнүч менен кайрылышкан. Бул текшерүүнүн алдын ала жыйынтыктары 2017-жылдын июнь айында чыгып, анда текшерүүгө алынган Айылдык аймактарда приоритеттерди аныктоодо процедуралык мүчүлүштүктөр табылгандыгы айтылып, донор тарабынан долбоордун экинчи циклинде аткарылган иштерди текшерүү жөнүндө чечим кабыл алынып, мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча биргелешкен план макулдашылган. Ошол эле убакта донордун талабы менен 44 Айыл Өкмөттөрү кол койгон Алкактык келишимдер жокко чыгарылган. Бул текшерүүнү Дүйнөлүк банктын консультанты АРИСтин кызматкерлери менен биргелешип 2017-жылдын июль айынан тартып ноябрь айына чейин жүргүзүшкөн. Ушул текшерүүнүн алдын ала чыккан жыйынтыктарына таянып, Дүйнөлүк банк тарабынан долбоорду толук жабуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдына долбоорду ишке ашырууда сарпталган финансы каражаттарын кайтарып берүү талабын коюу тууралуу маселени көтөрүү жөнүндө пикир айтылып келген. Бирок АРИС, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин катышуусунда Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, долбоордун экинчи циклин толугу менен жокко чыгарып, аткарымдык жетекчиликке өзгөртүүлөрдү киргизип, экинчи циклди кайра башынан баштоо тууралуу чечимге келишкен.

Ошентип, долбоордун экинчи циклин жокко чыгаруу чечими Дүйнөлүк банкы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргелешип кабыл алынгандыгын айта алабыз.

Ал эми долбоордун убактылуу токтотулушунун өкмөт тарабынан алынган кредиттик каражаттарды төлөөгө таасир тийгизүүсү тууралуу суроого мындай деп жооп берет элек: бүгүнкү күндө түзүлгөн кырдаал долбоорду ишке ашыруу үчүн пландаштырылган мөөнөткө таасир бербейт жана долбоор Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы келишимде каралган мөөнөттө, тактап айтканда 2020-жылдын 30-ноябрында бүткөрүлөт. Ал эми кредит ошол келишимде көрсөтүлгөн графикке жараша 2021-жылдын май айынан баштап кайтарыла баштайт.

Долбоордун экинчи циклинин жокко чыгарылгандыгынын себептери жана жергиликтүү коомчулук күнөөсүз жабыр тарткандыгы тууралуу суроо боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө бере алабыз. Долбоордун экинчи циклин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча долбоордун аткарымдык жетекчилигинде көрсөтүлгөн процедураларды бузуулар аныкталгандыгына байланыштуу донор тарабынан долбоордун экинчи циклин толугу менен жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алынган. Ошону менен бирге, Дүйнөлүк банк бул түзүлгөн кырдаалга айыптуу деп так бир коомчулукту же айыл Өкмөттү аныктоону баш кылбастан, бул чечимди кабыл алууда себеп болуп долбоорду ишке ашырууда аныкталган процедуралык мүчүлүштүктөр негиз катары каралгандыгын айтып келет. Дүйнөлүк банк да, АРИС да долбоордун экинчи циклинин жокко чыгарылышында Айыл аймактардагы кайсы бир адамдар, же кайсы бир коомчулуктун айыбы бар дегенден алыс экендиги тууралуу бир нече жолу айтып келген. Ал эми, Айылды инвестициялоо долбоорунун борбордук офисиндеги адистердин иштеги кемчиликтери үчүн эмгек келишимдери бүткөн күндөн тартып токтотулган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгы тууралуу, АРИС өзүнүн 15-жылдык иш аракетинде алдына максат койгон – «Кыргыз Республикасында жергиликтүү коомчулуктун жана өз алдынча башкаруу органдарынын маселелерди аныктоо жана приоритеттештирүү, инвестициялык пландарды иштеп чыгуу, каражаттарды мобилизациялоо, жергиликтүү коомчулукту социалдык жана экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган инвестицияларды башкарууга катыштыруу жаатында дараметин жогорулатууну» ишке ашырып келет. 2018-жыл да сыртта калган жок, АРИС ишке ашырып келген бардык долбоорлор региондорду өнүктүрүүгө багытталган. Белгилей кетүүчү нерсе, АРИС ишке ашырып жаткан долбоорлор Үчүнчү айылды инвестициялоо долбоору менен чектелбейт. Алар:

Жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин жана алардын аткаруучу органы – жайыт комитеттердин ошондой эле жеке ветеринарлардын жергиликтүү коомчулукка көрсөткөн кызматтарын жакшыртуу менен жайыттарды жамааттык башкарууну жана мал чарбачылыкты жакшыртууга багытталган «Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу долбоору»;

Жайыттарды колдонуудагы маселелррди чечүүдө, айыл чарба жаатында жаңы маалымат жана ыкмаларды алууда жергиликтүү коомчулукка көмөк көрсөтүүгө багытталган «Мал чарбачылыкты жана рынокту өнүктүрүү долбоору»;

Таза суу менен камсыздоо, таштандыларды башкаруу жана башка шаардык инфратүзүмдөрдү энергоэффективдүүлүктү жана жер титирөөгө туруктуулукту жакшыртуучу технологияларды колдонуу менен жакшыртууга багытталган «Шаарларды өнүктүрүү долбоору»;

Чүй облусунун Жайыл, Кемин жана Панфилов райондорунда коомчулуктардын конкреттүү муктаждыктарын эске алуу менен туруктуу иш аракеттерди жүзөгө ашырып, жакырчылыкты жоюуга багытталган «Айылдарды туруктуу өнүктүрүү долбоору»;

Айыл жергесинде таза суу жана санитария акыбалын жакшыртууга, ошону менен бирге таза суу жана санитария секторлорунда иш алып барган институттардын дараметин жогорулатууга багытталган «Айылдарды таза суу менен камсыздоону туруктуу өнүктүрүү жана санитария долбоору».

АРИС 2003-жылдан баштап өзүнүн иш аракетинде адилеттүүлүктү, ачык айкындыкты, чыгымдардын эффективдүүлүгүн жана подпроект/микропроектилердин туруктуулугун негиз кылып, региондордогу айылдык жана шаардык тургундардын жашоо турмушун жакшыртууга болгон күч-аракетин жумшап келет

 

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС)

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: