Menu

Операция “Ы” аягына чыгабы?

Бөлүшүү:

Терең ногдаунга кеткендер акырындап өзүнө келе баштагандай.  Башында ЖКдагы  “элементтер” акырын кыймылга келип, анан скоросту дароо төрткө салып  Сапарды оңкосунан түшүрүүгө олуттуу  үлүшүн кошкону даана байкалды. Көрсө лидери жок фракциянын тебетейин калпакка алмаштыра коюуга болгону күчтүү “бороон” керектелет экен.  Ток этерин айтканда  “Республика” фракциясы  азыр кимиси менен болсо да эрөөлгө чыкканга  даяр болуп калды. Түзүмүндө да депутаттар арбын болгондуктан алардын добушу опол тоо болбосо да дымактуу.  Заматта Алтынай Өмүрбекованы  чыпкалап кызматка салып бере салганынын сыры деле белгилүү.  Албетте, башка жылыштыруулар сөзсүз болору  деле шек жаратпайт.

Ушундай чабуул эми Бишкектин мэрин карай  багытталды. Кайрадан эле башкы каармандар “Республиканын”  кыйындары болгону жөн жерден эмес. Акесинен үйрөнгөн  опутту үкаси  ишке ашырса сонун эле жарашып жатып калбайбы?  Ошондон улам  Албектин отурган тактысы кыймылдай баштадыбы дешке  туура келет.  Негизи кичине эле шыбыш угулса аны шамалга айлантып жиберүүгө каныккан аналитиктер толуп кетти. Ошолордун ыкмасын учурга шартташтырып алып, илибой маселени  ийине жеткирип чечип койсо болоруна таң калбай калганыбыз жалганбы?  Эмнеси болсо да Албектин  да шайын оодара турган абалга кептеп салышты окшойт.  Мындан аман чыкса Ибраимовдун зоболосу өсөөрү турган иш. Бирок…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: