Жаңжал Астана Медициналык университетинде чыкты: Окуу жайга өткөн 117 студент кабыл алуу комиссиясына англис тили боюнча IELTS эл аралык системасынын тестинен өткөнү тууралуу жасалма серификаттарды көрсөтүшкөн. Университеттен чыгарылгандардын баары мамлекеттин эсебинен окуп келишкен.
Астана Медициналык университети магистратура, резидентура жана доктарантурада билим алган 117 студентти окуудан чыгарды. Алар кабыл алуу комиссиясына англис тили боюнча IELTS эл аралык системасынын тестинен өткөнү тууралуу жасалма серификаттарды көрсөтүшкөн.
Бул документ окууга өтүүгө шарт түзүп, аспирант жана магистранттарга мамлекеттин эсебинен билим алууга мүмкүнчүлүк берет.
Университеттин жетекчилиги бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартууда. Учурда окуудан чыгарылган ар бир студентке карата документ жасалмалоо боюнча кылмыш иши козголгону маалым. Соттук тартипте алардан мамлекеттик бюджетке келтирилген чыгымдар төлөтүлүшү ыктымал. Университет жана анын жетекчилигине чара көрүлөбү-жокпу белгисиз.
“Мыйзам бузуунун номараларын түшүнүшүбүз керек. Андан соң окуу жайдын лицензиясын алуу боюнча сотко кайрылышыбыз керек болот. Азырынча мындай чечимге келе элекпиз, – деди Казакстан билим берүү жана илим министри Ерлан Сагадиев.
Тергөөчүлөр тил борборлорунун жетекчилиги окуудан чыгарылган студенттер менен бирге иш алып барган деп шектенишүүдө. Бирок аларга карата иш козголо элек.
Казак бийлиги өлкөдөгү дарыгерлердин баары казак тилин билиши керек деген талап коюп келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ