Menu

Жанар Кадыралалиев, астролог: Текебаевдин өмүрүнө дагы деле коркунучтар бар

Бөлүшүү:

Астролог Жанар Кадыралиев 30 жылга жакын убакыттан бери жылдыздарга байкоо жүргүзүп келет. Айрым саясый окуялар айы, күнүнө чейин так чыгып, таңгалдырган учурлар арбын?Ага күн сайын түрдүү суроолор менен кайрылгандар саясат, уй-бүлө, акча, келечек тууралуу сурашат. Биз да бүгүн айрым суроолорду узаттык.

– Астрономия тармагына кантип аралашып калгансыз?

– Бала кезимде учкуч болом деп кыялданчумун. Армиядан келип авиациялык окуу жайга тапшырып, сегиз ай окугандан кийин бир тууган таякем «ата-энеңдин, иниңдин жанында бол» деп үйгө жөнөтүп жиберди. Анан Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетине тапшырдым. 1993-жылдан тарта Москадагы тажрыйбалуу адистер менен иштешип, толук түрдө астрономия тармагына аралаша баштадым. Алардан жакшы кеңештерди алып турдум. 2006-жылдан 2015-жылга чейин 9 жыл Москвада мыкты астрологдор менен иштешип, саясатчылар ж.б. түрдуү адамдарга кеңеш берчүбүз.

– Текебаев жакын арада боштондукка чыгат деген үмүттөр болуп жатат…

– Планета жылдыздарына карасак, бир жарым, эки ай ичи саясатчыбыз үчүн жылдыздары оң түзүлүштө турат. Андан өтсө, таптакыр эле 8-10 ай артты көздөй кетет. Апасы Тилла Текебаева уулу 1958-жылы 22-декабрда кечинде төрөлгөнү тууралуу гезиттерге маек берген экен. Мен изилдөө жүргүзүп, кечки 4төн түнкү 12ге чейин эсептедим. Менин эсебим боюнча түнкү ондордо жарык дүйнөгө келген экен. Ошол убак-ка Караганда, саясатчынын өмүрү үчүн дагы коркунучтар бар. Мен изилдөөмдө ал канчанчы бала болгон, дагы башка маалы-маттарды топтоп корсом, анын торолгон маалы 21:00го жылып кетиши мүмкүн. Анда мындан да коркунучтуурак, сырдуу иштер болуп кетиши мүмкүн. Андан да эртерээк торолгон болсо, орган-дар тараптан катуу кысымдар болот. Мунун баары бир жылдын
тегерегинде болот.

– Азыркы президентибизге элдин үмүтү чоң болуп турат. Үмүттөр акталаар бекен?

– 28-февралда президентибиздин иниси Асылбек Жээнбеков менен жолугуп, мага Москвадан чыккан жашьш Куран китебин тартуу эткен. «Курандан да ай, жылдыздар тууралуу кызыктуу маалымат алсаң болот» деди. Элдин үмүтү жакшы эле акталат. Жакшы иштеп берет. Жылдыздарына карасам, укук коргоо органдары тарабынан күтүүсүз нерселер болушу мүмкүн. Ошону менен бирге алыскы чет мамлекеттер тарабынан бир көйгөйлөр күтүлүшү бардай. Ажо окутан беш маал намаздын көмөгү тийип, ал коркунучтар кесилип кетиши мүмкүн. Космос бизге түздөн-түз таасир берет, биз космостун продукциясыбыз да. Ар бир планета жылдыздар жерге эле эмес дарактарга, суу, деңиз, океандарга түздөн-түз таасир берет. Ошон үчүн биз жайында жеңил, кышында жылуу кийинебиз. Бул космосгун таасири.

– Сиз айткан божомолдун так чыккан учурлары көппү?

– Биз өткөн жылдагы окуяларды айтып келдик. Сентябрдын акыркы жумасы, октябрь айынын биринчи жумасы саясатчылар үчүн коркунучтар болорун белгилегем. Эң кооптуу күн катары 28-сентябрь айтылган. Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов ушул күнү туура эмес сүйлөп алый, эми ал боюнча иш козголуп отурат. Текебаевдин, Садыр Жапаровдун камалган күндөрүндө кооптуулук бар экенин так, даана айткан элем. Мындай мисалдар абдан коп. Көзү ачыктар мага «аян берди, ошону айтып калышыбыз керек» деп келишет. Биз болсо илимдин адамыбыз. Илимдики туура чыгат.

– Келечекте кандай кызыктар күтүлүүдө?

– Жаңы жыл алдында «Супер-инфо» гезитине маек берген элем, жазында апрель айы өзгөчөлөнгөн ай болорун белгилеп. Өкмөттүн түзүлүпгү бул айда тез эле ары-бери болуп кетти. Эми ноябрь айында бир аз өзгөрүүлөр күтүлөт. Өтө курч, күчтүү эмес. Жай жүргөн планеталар уран, нептун, плутан. Уран 84 жылда бир айланат. Плутан 165 жылда бир айланат. Булардын таасири өтө күчтүү. Плутан Кыргызстандын сезгич секторлору аркылуу кетип жатат. Ошон үчүн биз саясый окуяларды айтканда, айы, күнүнө чейин туура чыгып калып жатат. Быйылкы жылы уран, нептун, плутан тарабынан начар түзүлүштөр жок. Бул жылы эч кандай кооптуулук жок. Оор саясый тирешүүлөр жок. Улам күч алып келип, кайтып кетип жатат. 2019-2021-жылдарда кооптуу учурлар бар.

– Кайрылган карапайым адамдарга кандай жардам бересиз?

– Назира Айтбекова бир берүүдө журналисттин «Ааалам сырлары» эмнеге чыкпай калды? Көз ачыктар түгөнүп калдыбы?» деген суроосуна «көзү ачыктар түгөн-бөйт. Жаман десе жаман жагына кете берет, жакшы десе жакшы жагына кетет. Иши оңолбосо кайра эле адамдар башка көзү ачыктарга кайрыла башташат. Андан көрө психологдорго баруу керек» деген. Бизде тилекке карты, психолог жокко эсе. Тейлөөлөрүнүн баасы жогору. Мен астролог эле эмес, психолог катары да жардам берем. Мисалы, үй-бүлөлүк чырды чечүүгө психологдор бир канча күндү коротушса, астролог канча бир мүнөттөрдө эле алаканга салгандай айтып коёт. Мага бироолор кайрылышты. Балдары жоголгонуна үч жылдай болуптур. Жашаган үйүнүн, торолгон жыл-айларынын саны менен эсептегенде, кыска өмүрлүү адам экенин баамдадым. Баланын гороскобу арстан экен. «Келинибизден көрүп атабыз» деп калышты. «Келиниңер бойон жылдызыбы же балыкпы?» десем, «бойон жылдызы» дейт. Ачык айтканым жок, бирок бойон жылдызы арстанды жок кылары жылдыздарында окулуп турат. Мындай үй-бүлөлүк түрдүү окуялар менен кайрылгандар абдан коп. Азыр баюуну үйрөнөбүз деп Роберт Киосакинин китебин окуп, тренингдерине катышып жүрүшөт. Бул 10% гана жардам бериши мүмкүн. Байыйм деген адам астрологго кайрылса, кайсы убакта жылдызы жанаарын анализдеп, так айтып берсе болот. Жаңы үйлөнө тургандар да жылдыздарына карап баш кошушса дейт элем. Бул маселелер менен кайрылгандар албетте арбын.

Жамиля Нурманбетова

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: