Menu

Текебаевдин камерасына кайра видеокөзөмөл коюлду

Бөлүшүү:

Абактагы саясатчы, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев отурган №47 колониянын камерасына кайра видеокөзөмөл коюлду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди:

– Камерада жалгыз отургандыгына байланыштуу, ал кишинин коопсуздугу үчүн, өзүнүн макулдугу менен видеобайкоо коюлду.

Видеокөзөмөл мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен 11-апрелде алып салынган эле. ​

Саясатчы отурган бөлмөгө видеокамера коюлганы тууралуу 29-январда белгилүү болгон. Анда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы муну коопсуздук чаралары менен түшүндүргөн. Анткени менен укук коргоочулар жана абактагы саясатчы өзү да мындай аракетти кескин сындаган.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Мегаком” чырына байланыштуу коррупция боюнча айыпталып, 2017-жылдын февралында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга “орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган” деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан.

Өмүрбек Текебаев №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада №27 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Өздөрү жана партиялаштары муну мурдагы бийликтин саясий буйругу катары сыпаттап келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: