Menu

Тажикстанда кумсаны шантаж кылган милиционерлер 20 миң доллар айыппулга жыгылышты

Бөлүшүү:

Үч киши, анын ичинде эки милиция кызматкери кумсаны шантаж кылганы үчүн 165 миң сомони (20 миң АКШ доллары) айыппулга жыгылды.

Сино райондук сотунун өкүмү өткөн жумада чыккан, мыйзамдуу түрдө күчүнө кире элек. Маалыматтарга караганда, майор Шорамазон Боронов, капитан Нарзулло Асламзод жана алардын шериги Диловар Мирзоев 55 миң сомониден айыппул төлөшү керек. Сексуалдык азчылык өкүлүнө шантаж жасоону уюштурган милиция кызматкерлеринин бири, капитан Оятулло Сайфиддинов издөөдө жүрөт.

Тартип сакчылары сексуалдык өзгөчөлүгүн ачыкка чыгарбоо үчүн кумсадан 5 миң сомони (600 миң АКШ долларынын тегереги) акча талап кылышкан. Төртөө тең былтыр январдын соңунда 3 миң сомони алып жаткан учурда кармалышкан. Ага чейин кумса 2 миң сомнини бергенин билдирген.

Жабырлануучу соттун өкүмүн даттанган жок. Соттолгон жарандардын туугандары дагы өкүм адилеттүү чыкты деп эсептешет.

Былтыр Тажикстан ИИМи менен Башкы прокуратурасы 370 кумса менен лесбияндын тизмесин түзгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: