Menu

Казак бийлиги березовкалык балдар кендин кесепетинен ууланганын четке кагууда

Бөлүшүү:

2014-жылы Батыш Казакстан облусунун Березовка айылында жапырт ууланган балдар текшерүүдөн өтүштү, аларды оорукагана жаткырууга негиз жок. Бул тууралуу Орол шаарында өткөн брифингде Батыш Казакстан облусунун саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Гүлнар Абдрахманова билдирди.

Абдрахманованын айтымында, 2017-жылы апрелде балдарды рерпубликалык медициналык борборлордун дарыгерлери жана профессорлору карап, ууланууга байланышпаган диагноз коюшкан.

-Бардык балдар текшерүүдөн өттү, аларга ар түрдүү диагноз коюлду. Көзөмөлдөн өтүп туруу кеңеши берилди. Бул убакыт аралыгында тезинен ооруканага жаткырылгандар болгон жок, – деди Абдрахманова. Ал казакстандык медиктер койгон диагноздордун бири “вегетативдик кан тамыр дистониясы” экенин кошумчалады.

24-апрелде Алматыда өткөн маалымат жыйында экологиялык Crude Accountability эл аралык уюмунун өкүлү жана “Балдар, же мунайбы?” коалициясынын координатору Сергей Соляник березовкалык эки балага орусиялык дарыгерлер “мээнин ууланышы” деген диагноз койгонун кабарлаган.

Сергей Соляниктин айтымында, Москвадагы Семашко атындагы балдар диагностикасы жана эмдөө борборунун дарыгерлери Березовкада жапа чеккен эки кыз көмүрсуутек таасиринен ууланды деген тыянакка келишкен. Активисттер былтыр березовкалык балдарды Орусияда эмдөөдөн өткөрүү боюнча каражат чогултуу кампаниясын башташкан.

Березовка айылы Казакстандагы эң ири мунай газ конденсаты чыккан Карачаганак кенине жакын жайгашкан. 2014-жылдын ноябрында жергиликтүү мектептин 26 окуучусу массалык түрдө ууланган. Азыр алар маал-маалы менен эсин жоготуп, тарамыштары тырышып каларын билдирип келишет. Айыл тургундары балдардын уулануусун кен менен байланыштырышат. Бийлик болсо мектептеги от казандан газ чыгып кеткенден улам окуучулар ууланып калышты деп билдирген. Бул окуядан эки жыл өткөн соң березовкалыктар толугу менен Аксай шаарына жана Аралтал айлына көчүрүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: