Menu

Анткор Фарид Ниязов Атамбаевдин “Геббельси” дейби?

Бөлүшүү:

Кыргыздар “кызмат колдун кири” деп коюшат. Көрсө, эң туура айтылган кеп экен. Аны биздин атка минерлер түшүнбөй “бийлигиң болсо, түштүгүңө жорго мин” дешип каалагандарын жасап жатышат. Кызматынан ыргыдыбы өлөөрүн санап ар кандай айла амалдарды ойлоп табышат экен. Бул  эми биздин экс-мамчиновниктердин кылыгы.

Алардын бири Фарид Ниязов. Мурунку комсомол кызматкери, журналист, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөзүүнүн демилгечилеринин бири, акыры экс-Президенттин сүймөнчүктүү адамына чейинки татаал жолду басып өткөн. Дагы тереңдетип айтканда КР экс-Президенти А.Атамбаевдин маалымат жана масса менен иштөө боюнча кенешчиси болуп, бүгүнкү  доордун  “Геббельси” болуп алды деп жатышат.

Геббельс Улуу Рейх үчүн төрт жыл массалык маалыматта үгүт-насаат иштерин жүргүзүп немецтердин духун көтөрүп тарыхта калган адам. Биздин Ф.Ниязов да андан кем калбады. Бирок башкача өңүттө, кутумдук багытта иштеди. Президенттин аппарат жетекчиси болуп турганда референдум  өткөрүүгө өзгөчө салым кошту. Каршылаштарынын баарын өз ордуна коюуга жетишти. Калайык калкты ар кандай маалыматтар менен колго алды. Президенттин кеңешчиси кезинде ар кайсы тармакка тумшугун тыкты.

Алсак илимпоздор анын акылына суусап тургансып Улуттук илимдер академиясын реформалоо боюнча акыл-насаатын айтууга жетишти. Көрсө бул анын академиянын жетекчисин кызматтан алуунун гана амалы экен. Ф.Ниязов “Кыргызтелеком” ЖЧКнын директорлор кенешине бир тууган иниси Эрмек Ниязовду кыпчып, “Кыргызтелекомду” банкрот кылуу амалы ал тармакта чоң чырга айланганын жакшы билебиз.

Ф.Ниязов баарын бирөөлөрдүн колу менен жасап өз саясатын ишке ашырган амалкөй адам. Анын мындай кылыгы  “Вечерний Бишкек”  Басма үйүн рейдерлик жол менен А.Рябушкинге алып берүүдө  тастыкталды. Дагы бир жагдай –абакта жаткан Ө.Текебаев бир кезде парламентте “Ф.Ниязовдун 13 кыймылсыз мүлкү бар. Ал мындай байлыкты кантип топтоду?”- деп кыйкырып чыккан. Анда Фаридди жакташкандар анын декларациясында 45 чарчы метрлик батири жана айыл чарбасына ылайыкташкан эки жер тилкеси гана  бар дешип чычалашты эле.

Көрсө, Ф.Ниязовдун эки кошары жана 21 гектардан турган 4 жер тилкеси бар турбайбы? Дагы, анын жакын тууганы (сүйгөн жарынын) 108 кв.м. үйү, 15 сотых жер тилкеси, андан сырткары жалпы аянты 19 гектар айыл чарбасына жарактуу жери бар экен. Бийликтин бутагында ойкуп-кайкыган Ф.Ниязов мынча байлыкты кантип топтогон? Же, бийликтин бийик бутагына чыгып алган Фарид мырза ар кайсы  “майлуу жерлерде”  отурган адамдарынан   “өз үлүшүн” алып турабы? Эми болсо тынчып калбай өз кызыкчылыгы үчүн ар кандай трайбалисттик маанайдагы иштерди жүргүзүп элди козутуп жатат.

Источник: “УЧУР-пресс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: