Казакстандын Орусиядагы элчилиги АКШнын куралдуу күчтөрү Каспий деңизиндеги эки казак портун пайдаланып, аскер база ачкандыгы тууралуу маалыматтарды четке какты.
«Бул тууралуу билдирүүлөрдү негизсиз, чындыкка дал келбеген жаңылык деп кабыл алууңарды өтүнөбүз», — деп билдири элчилик 26-апрелде.
Билдирүүдө айтылгандай, акыркы апталарда бир катар орусиялык ММКлар АКШнын аскер-деңиз күчтөрү Каспий деңизиндеги казак портторун пайдаланып жаткандыгы жана Казакстандын аймагында аскер базаларын ачкандыгы тууралуу такталбаган маалыматтарды жарыялашкан.
Элчиликтин билдирүүсүндө мындай маалыматтардын пайда болушуна Казакстан аймагы аркылуу Ооганстанга атайын жүктөрдүн ташылуусу боюнча АКШ менен түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколунун ратификацияланышы себеп болгону айтылган.
Элчилик өкүлдөрү документте кеп Ооганстандагы абалды жөнгө салуу боюнча эл аралык коомчулуктун аракеттери тууралуу болуп жатканын белгиледи. Өткөн жумада Казакстан парламенти Актау жана Курык портторун Ооганстанга жүк жеткирүү каттамына киргизүү тууралуу протоколду ратификациялаган.
Билдирүүдө буга чейин Орусия дагы АКШ менен ушундай эле келишимге кол койгону жана Ооганстанга атайын жүк жеткирүү иштерине катышканы айтылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ