Menu

Талантбек Батыралиев: Мен Түркияга качпай эле үйдө элемин

Бөлүшүү:

Талант мырза, сиз кызматтан кеткен соң «Батыралиев көнгөн Түркиясына баса берет, аны качырбай кармап калып, жазалаш керек» деген сыяктуу күбүр-шыбыр сөздөр ак халатчандардын, өзгөчө сиздин амириңиз менен кызматынан айрылган дарыгерлер арасында кызуу кеп болуп жатканынан кабардар болдук. Мындай сындарга кандай жообуңуз бар?

– Мен азырынча үйдө элемин. Мага карата айтылган «Батыралиев Кыргызстандан чыгып кетет же качат» деген өңдүү курулай кептер жалган. Саламаттык сактоо тармагында менин позициям туруктуу жана ал позициямдан кыйшайбайм. Жоопкерчиликтен качууга негиз жок. Болушу да мүмкүн эмес. Ал эми жаңы куралган өкмөткө албан ийгиликгерди каалайм. Аларга карата сын айтуудан алысмын. Саламаттык сактоо тармагында «эки тизгин, бир чылбырды» колго алган жацы министрге талыкпас мээнет жана алдына койгон максаттарды аткаруусу-на тилектешмин. Жеке өзүм мурдагы-дай эле медицинадагы ар кандай долбоорлордун үстүндө иштеп жана бул жаатта келген ар кандай сунуштарды иликтеп жатам.

Ийгилик Болсунбаев

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: