Menu

Анжиянда Борбор Азиядагы алгачкы инсулин чыгарган завод ачылды

Бөлүшүү:

27-апрелде Анжиянда Zamin Bio Health деп аталган Борбор Азиядагы алгачкы инсулин чыгарган завод ачылды. «Трастбанктын» каржылык колдоосу менен курулган ишкана 100дөн ашык тургунду жумуш орду менен камсыз кылат.

Маалыматка караганда, завод орточо эсеп менен жылына 10 миллион флакон инсулин чыгарат. Бизнес-планга ылайык, дарынын бул түрү Өзбекстандан тышкары Борбор Азия өлкөлөрүнө дагы сатылат. Буга чейин Өзбекстан инсулинди чет өлкөдөн алып турган.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда кант диабети менен жабыркаган 100 миңден ашык өзбекстандык каттоодо турат.

Өзбек мыйзамдарына ылайык, кант диабети менен жабыркаган жарандарга жашоо үчүн маанилүү болгон дарылар бекер берилет. Бул үчүн мамлекет жыл сайын чет өлкөдөн бир канча миң флакон инсулин сатып алып турат.

Анткен менен ташкенттик дарыгерлер учурда инсулин үчүн мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан каражат жетишсиз экенин айтышууда. «Чет өлкөдөн сатып алынган инсулин бейтаптардын үчтөн бирине гана жетет. Калгандары аны базар баасы менен сатып алууга аргасыз. Бир киши үчүн ал болжол менен 250-300 доллар болот», — деди Ташкенттеги дарыгерлердин бири.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: