Menu

Түркмөнстанда аялдар үчүн жаңы дресс-код киргизилүүдө

Бөлүшүү:

Түркмөнстан бийлиги аялдардын кийимдерине жаңы талаптарды киргизди. «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, биринчи кезекте бул талаптар мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери менен жогорку окуу жайлардын студенттерине тийиштүү болот.

Маалыматка караганда, мындан ары аялдардын кийимдери узун болуп, алардын колдору менен согончогу гана көрүнгөндөй кийинүүсүнгө уруксат берилет. Мурдараак «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы Дашөгүз шаарындагы Айыл чарба институтунун мугалимдери улуттук кийимдер менен катар эле «балак» деп аталган салттуу шымдарды дагы кийүүгө милдеттендирилгенин кабарлаган.

Басылманын маалыматына караганда, 19-20-апрель күндөрү Дашөгүздө жана район борборлорунда акимдердин билим берүү, маданият боюнча орун басарлары менен окуу жайлардын жана бала бакча жетекчилеринин катышуусунда чогулуштар өткөн. Анда аларга жаңы талаптар тууралуу маалыматтар берилген.

«Аткаминерлер түркмөндөрдүн тарыхый жана маданий салттарын билүү зарылдыгын белгилешип, мугалимдер менен тарбиячылардын кийими жана сырткы көрүнүшү тууралуу сөз кылышты. Эркектер жумушка каралжын түстөгү костюм, ак көйнөк жана галстукчан келүүгө милдеттүү экени айтылды. Аялдар үчүн талаптар көп экен: «Янлы» деп аталган эски ыкма менен бычылган кызыл ашыкка чейин жетчү көйнөк, сары оймо-чиймелүү кара жоолуктар жана «балака» деп аталган оймолуу шымдар. Андан тышкары аялдарга тырмак, кирпик өстүрүүгө жана чачтарын ачык түстөргө боёого тыюу салынды», — деп жазган «Түрмөнстан хроникасы».

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: