Menu

Шаар мэри кызматтан айдалып, эми түрмөгө отурабы?

Бөлүшүү:

Максат Чакиев, мурунку маданият министринин орун басары:

– Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жөнүндө жакшы эч нерсе айта албайм. Шаардын тургуну катары «иши канааттандырарлык эмес» десе гана жарашат.

1) Шаардын өнүгүү стратегиясы жок. Борбор шаарыбыз стихийно «өнүгүп» келе жатат. Генпланды эч ким билбейт;

2) шаар көбүнесе автоунаалар үчүн болуп калды, эл (адам) үчүн эмес.

3) автотыгындар күчөөдө;

4) автокырсыктар, жолдогу өлүмдөр болбогондой өсүп атат;

5) бьштыр күздө жасалган жолдор балмуздактай жазында эрип кетти;

6) миллиондогон каражатка жасалган жертөлөлөр (подземка) кайра эле ремонтко муктаж болуп жатат;

7) бак-дарактарды кыюу боюнча шаар тургундары өтө нааразы. Кыйганын кыйып, а бирок ремонтсуз жана эскирген имараттардын фасаддарын ачып койду. Бишкек шаарынын кооздугуна шек келтирди;

8) азыркы убакта 13 көчөнү «ремонт кылам» деп жаап салды. А бирок, Москва көчөсүндө (Ибраимов менен кесилиши) эки айдан бери эч нерсе жасалбай, жабык бойдон турат. Бул нерсенин кесепетинен автотыгындар күчөдү;

9) деги эле Албек Ибраимов өзүн эң төмөнкү деңгээлдеги мэр экенин көрсөттү.

Сулайман Кайыпов, коомдук ишмер:

– Албек мырза менен менин жекече тааныштыгым жок. Кайдан чыга калып шаар башчысы болуп кеткенин да билбей калдым. Шаарды жылаңачтап, дарактарды кыйганы кечирилгис айып. Жакында эле Бишкектин көчөлөрүн кыдырганга шарт болуп калды. «Ремонт» деп ойлонбой жабылган жолдорду, сапатсыз төшөлгөн асфалытарды көрүп зээним кейиди. Демек, Албек мырза жөнүндө айтылып жаткан катуу сын пикирлер, кинелер жон жерден эмес экен деген ойго кеттим. Эми болсо бир көчөттү 9 миң сомго алган имиш. Мындай киши сөзсүз эл алдында жооп бериши керек. Аны мэрден түшүрүп эле тим коюунун өзү ага сыйлык берген менен эле барабар болот. Мыйзам алдында сөзсүз жооп бериши керек.

Надира Нарматова, ЖКнын мурунку депутаты:

– Эмне деп айтсаң да таасир этпейт мындай адамдарга. Дубалга сүйлөгөндөй жоопсүз калат. Өткөн жылы тиги жагы Лев Толстой көчөсү , бул жагы Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги Тынчтык проспектисиндеги темир жолдун алдындагы өтмөк туалет жыттанып, адамдар ал жерден оозу-мурдун жаап өтүп жатышты. Ошол жертөлөнү карап, иретке келтирүү жөнүндө соцтармактарга билдирүү койгом. Лев Толстой көчөсүндөгү жугуштуу оорулар ооруканасына маршруттук каттам жүргүзүү боюнча да жазгам. Ал маселе да «нол» боюнча калды. Реакция жок. Ошондуктан айткым да, дегим да келбейт. Жон гана күнүмдүк адамдардын мукгаждыгын чечкенге маани бербей, кайдыгер мамиле жасап, жеке кызыкчылыгын ойлоп, кишинин көзүнө көрүнгөн гана жумуш жасап жүргөн жетекчилерди сыйлагым да келбейт.

Алымжан Козубаев, милициянын полковниги:

– Албек Ибраимов өзүнүн фамилиясын, атын өзгөртүп Албек болгон экен. Негизи ал Эркин Кунакунов деп уктум. Мен да кечээ эле билдим. Ошондуктан бул киши жөнүндө кеп кылуу үчүн ошол Эркин Кунакунов кезинен бери билгендерден сураш керек деп ойлойм. Эмне себептен атын озгорткон? Бул мен үчүн кызык. А мэр болуп деле бир алгылыктуу ишин укпадым, көрбөдүм. Бирок, кулаган самолётко түздөн-түз тиешеси бар өңцөнөт. Бир түп липага 9000 сом сарптаган деген маалыматтарга таянсам, эч качан элдин кызыкчылыгын ойлобойт окшойт бул адам. Кудай буюрса, келечекте мага мүмкүнчүлүк түзүлүп, тиешелүү кызматка дайындалсам, бул кишинин үстүнөн аябай күмөндүүжагдайлар коп экен, аны сөзсүз түрдө кылдаттык менен текшерип чыгам. «Өз каалоосу менен «мэрликтен кетем» деп арыз жазды» деген маалымат тарады. Шайлап жатканда коррупция деген сөздү жаза алган эмес го. Мындай кадрлардын эртерээк кеткени жакшы. ЖКдан үлгү алып, Бишкек шаардык кеңеши ишенбөөчүлүк көрсөтүп койсо жакшы демилге болмок.

Шайырбек Абдрахманов, зркин журналист:

– Бу киши жумуштан кетет өңдөнүп калды. Анан кетип аткан адамды сындаган менин табитиме топ келбейт. Сынды буга чейин саймедиреп айттык, дедик. «Шаарды көрктөндүрсүн, чыкыйтсын, жакшы иштесе экен» деп үмүт кылдык. Дараметине жараша ал киши колунан келишинче аракет кылды окшойт. Жыйынтыгын көрүп атабыз, шаар тургундары, ордо калаага келген коноктордун баары көрүп атат. Жакшы иштеген адамдын артында жакшы сөз калат. Бу кишинин артынан айтылчу создор али алдыда. Жакшы-жаманы бүт айтылат. Азыркы учурда эч нерсени жашырууга мүмкүн болбой калды.  Кыңыр иш кырк жылда билинет деген сөз, 40 секундда билинип калып атат. Соттолуп кетпесе экен деп коркуп атам…

Сурат Жылкичиев

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: