Menu

Кызматын тапшырып кетүү кезеги мэр Албек Ибраимовго жеттиби?

Бөлүшүү:

Коомчулукта калаа башчысынын кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы айтылууда. Маалыматта «Албек Ибраимов Бишкектин 140 жылдык мааракесин өткөргөн соң кетет» делет. Бирок, мэриянын маалымат кызматы Албек Ибраимовдун арыз жазбаганын, ал шаардын туулган кунуно карата катуу даярдык коруп жатканын билдирди. Шаардык кеңештин айрым депутаттарынын айтымында, мэрдин ишмердиги боюнча наа-разылыктар күчөгөндөн-күчөп, жер сатуу, шаардын бюджетин максатсыз пайдалануу фактылары улам ачыкталып жатат. Визге жеткен маалыматтар боюнча, мэр Албек Ибраимовдун «жылт коюу» аракети шаардын тегерегиндеги 84 гектар жерди текейден арзан баага сатып салганына байланыштуу болушу мумкун. Анткени, жерлер боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Акылбек Жамангулов которуп чьпышып, мэрияны жер мафиясына айыпташкан. «УКМК бул боюнча тертое жүргүзүшү керек» дешкен.

Мэр Албек Ибраимовдун дарегине айтылган ачуу сындарды баасы асман чапчьшан кочоттор даты кучотту. Бишкек шаарын жашылдандыруу максатында мэриянын уюштурган тендеринен «Art Green» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алып, 13 миллион 763 миң сомго чет олкодон ар бирин 9090 сомдон көчөттөрдүн 6 турун сатып алып келип тигишүүдө. Адистердин айтымында, бул кочоттор 300-500 сомдон, эц кымбаты миц сомдон ашпайт. Дээрлик он эсе кымбат баага сатылып альшган көчөттөр коомчулукта чоң талкууга алынып, нааразычылыктарды күчөтүп жатат. «Бул тендердин артында коррупциялык иштер бар» дегендер да арбын. Мындан улам, шаардык кеңештеги Архитектура, жер жана шаар куруу маселелери боюнча туруктуу комиссия бүгүн (бейшемби, 26-апрель) жыйынга чогулуп, мэрден отчет алмакчы. «Жыйында жаңы курулуп жаткан жолдордогу көйгөйлөр, бак-дарактарды кыюу маселелери да каралып, мэрдин ишмердигине баа берилет» деди шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов.

Албек Ибраимов 2016-жылдан тарта Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалап келет. 2017-жылдын башында ал экинчи ирет калаа башчысы болуп шайланган. Бирок, аны «мэр болгондон бери эч иш кылган жок, Атамбаевдин бийлигинин тушунда коп коррупциялык иштерге аралашып кетти» дегендер четтен чьшат. Активист Мавлян Аскарбеков «Албек Ибраимов шаар башчылыгына Атамбаевдин жакын адамы болгон үчүн келген. Ага таянып, миллиондогон каражаттарды кымырды, жасаган иштери корунбойт. Жаңы келген башкы прокурор тергөө тобун түзүп, жоопкерчиликке тартышы керек» дейт.

Акыркы бир жылдан бери шаар ичиндеги бак-дарактардын массалык турдо кыйьшып жатканына нааразы болгон шаар тургундары бир нече жолу митинг-пикеттерге чыгышкан. «Бир кездери «жашыл шаар» аталган борбор калаа такыр чолго айланьт, кунары кетип жатат» деген коңгуроого шаар бийлиги кулак салган да, тоготкон да жок. Былтыр кузундо Токтоналиев көчөсүндөгү жол катар бак-дарактардын баары кыйышды, «Чыгыш-5» кичирайонундагы жапжашыл аллея орду-тубу менен жок кылынды. Баш-аягы Албек Ибраимовдун мэрлигинин тушунда 3 миңден ашык бак-дарактар кыйьшганын адистер айтып келишет. Мэрия мунусун жолдорду кеңейтуу аракети деген менен, «бак-дарактарды кыйып, мэрия бизнес жасап жатат» дешет айрымдар.

Шаардыктардын нааразылыгын арттырган дагы бир көйгөй -жол тыгындарынын коптугу. Ушу тапта Жибек жолу, Эркиндик, Бейшеналиева жана башка 15тей көчөлөрдө ондоо иштерине байланыштуу жолдор жабык. Же оңдолуп жаткан жолдордо иш жүрбөй эле, техникалар качан кореец бир орунда токтоп турганы турган… Айтор, мэрдин ишине нааразылыктар саясатчылардан тартып, карапайым адамдарга чейин жетти.

Гезит басууга даярдалып жаткан маалда шаардык кецештеги оппозициялык «Республика – Ата Журт» фракциясы мэр Албек Ибраимовдон жасаган иши боюнча отчет алууга чогулушканы белгилүү болду.

Жыйында мэр Албек Ибраимов менен бирге анын орун басарлары, департамент жана башкармалыктардын жетекчилери кошо келишиптир. Фракция окулдору мэрди гана чакырышканын айтышып, башкаларынын чыгып кетуусун талап кылышкан. «Мэрге чуу жараткан көчөттөр, беш жылга сатылып жаткан жерлер, жолдор, мектептер ж.б. боюнча суроолорду узаттык. Баары бир мыйзам бузуулар жок эмес Оппозициялык фракция мэрдин ишмердигине өз баасын берет” дейт РАЖ фракциясынын депутаты Канатбек Музуралиев.

Динар Турдугулова

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: