Menu

Жыл башынан бери беш жолу “бомба коюлду” деген жалган маалымат түштү

Бөлүшүү:

Жыл башынан бери “бомба коюлду” деп телефондон жалган маалымат берген беш окуя катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка” кабарлады.

Бомбага байланыштуу соңку окуя 29-апрелде катталды. “Бишкек 2” темир жол бекетине бомба коюлганы тууралуу кабар милициянын нөөмөт бөлүмүнө түшкөн. УКМКнын адистери текшергенден кийин жарылуучу зат табылган эмес. Андан мурда 27-апрелде белгисиз адам “Бишкек Парк” соода борборунун кабылдамасына телефон чалып, “жардыргыч зат орнотулганын” айткан. Кийин бул жалган маалымат болуп чыккан. 26-апрелде Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетине “бомба коюлганы” кабарланып, бирок тастыкталган эмес. Ага чейин бир канча жолу ушундай факт болуп, айрым “телефон террорчулары” кармалганы айтылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине (“Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо”) ылайык, мындай маалымат берген адам айыппул төлөп, кара жумушка тартылат же үч жылга чейин камалышы мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: