Өткөн жылы президенттик шайлоодон кийин ЖК депутаты Исхак Пирматов Россиянын Новосибирск облусунда завод ачканы белгилүү болгон. Анын ачылышына өзү да барып, “Мына ушундай завод ачтык” деп көкүрөгүн койгулап, мактанып алганын да билебиз.
Исхак Айтбаевич – Жогорку Кеңештин депутаты, демек, ага чет өлкөдө бизнес ачмак тургай, мыйзам боюнча өз өлкөсүндө бизнес жүргүзүүгө да тыюу салынат. Ошондо ал Россияга завод ачуу менен мыйзамды көзүнө илбестигин, депутаттык мандатты жөн гана өз бизнесин гүлдөтүү үчүн колдоно турганын далилдеп аткан болобу? Муну бир деп туруңуз.
Экинчиден, бүгүнкү күндө коррупцияга каршы айыгышкан күрөш жүрүп жаткан чакта Пирматов өзүнүн өлкө ичиндеги активдерин тышка ташып чыгарып атканы боюнча ишенимдүү булактардан маалыматтар келүүдө. Демек, ал коррупцияга каршы күрөштүн кылтагына илинип калуудан алдын алып атканын түшүнөбүз. Тактап айтсак, ал өзүнө карата кандайдыр бир кылмыш иши ачылып, тергөө иштери баштала турганы боюнча кеп кете турган болсо эле, эки колун чөнтөгүнө салган боюнча чет өлкөлөп качууга старт алууга даярдык көрүүдө. Мунун баарына тиешелүү органдар неге көңүл кош карап отурганы таң калычтуу болууда. Элдин, мамлекеттин эсебинен топтоп алган байлыктарын Пирматов тышка ташып бүткөнчө карап отура беребизби?
Булак: “Учур”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ