Menu

“Апрель” аркылуу арманын айткан А.Атамбаев

Бөлүшүү:

Абакта жаткан Ө.Текебаев “Сентябрь” телеканалын ачып каршылаштарынын катыгын берип келе жаткан. Тагдырдын тамашасыбы же Ө.Текебаевдин керооздугу түбүнө жеттиби, айтор башталган иш аягына чыкпай калды.  “Сентябрдан” дайын жок.

Манастан Чубак кем бекен дегендей А.Атамбаев экс-президент болгону “Апрель” деген телеканал ачкан. Апрелде курман болгон жүздөй жигиттин арбагы ыраазы болсун дегени го. Деги  телевидениенин баркы күч. Каалагандай иштериңди  бүтүрүп аласың. Сындасан сында, ырдасан ырда. Жолтоо болгон жан жок. Ээси келсе бээсин берет эмеспи.

Мунун баарын жакшы билген экс-президенттин “Апрель” телеканалы эми Жогорку Кенешти колунан келишинче туздап коомчулукта тескери пикирлерди жаратып жатышат. Мейли, бул эми алардын өз иши деңизчи. Демократия аралчасында кимдин оозун ким тыят? Болгону бизди тан калтырган нерсе А.Атамбаев бүгүнкү парламентти өз колу менен түзбөдү беле? Неси жакпай калды? Кай жеринен жазышты? Же, Алмаз Шаршенович не кылаар айласын таппай болгон арыз-арманын, бийликке болгон арзуусун, депутаттарга багышталган бугун “Апрель” аркылуу чыгарып жатабы? Нени каалап турду экен, экс-Президент? Айтор ал азыр “Апрель”  аркылуу арманын айтып жаткандай эле элес калтырууда.

Булак: “УЧУР”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: