Menu

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: “Президент Сооронбай Шарипович менен иш-чараларда жолугуп эле жүрөм”

Бөлүшүү:

Төрт жылдан бери бул инсан менен жекеме-жеке отуруп маектешпегенибиз менен, биздин баарлашуу ар убак интернет, виртуалдык дүйнө аркылуу уланат. Өзү жетекчи катары шар, чечкиндүү, “кокуй, силерге интервью берсем өйдө жак эмне деп жиберет?” деп “куйругун кыпчыбастан” опурулган жүрүшү менен түрдүү соболдорубузга жооп берүүдөн тайманбайт. Бул жолку баарлашуубуз да жөнжай турмуштан башталып, акыры өзүнө карата айтылган күбүр-шыбырлар менен жыйынтыкталды.   

— Айтмамат аке, Ош шаардык мэриясына жакын жерден Кытай элчилигине орун берип, андай кызматыңыз үчүн жолтандабас алдыңыз беле? Соңку убакта сиз тууралуу интернетке дал ушундай маалыматтардын байма-бай жарык көрүшү эмнени билдирет?

— Калыгул үкам, актануу эмес, тактоо киргизип коёюн, Кытай консулдугу жайгашкан имарат Ош шаарынын мэриясынын балансында эмес, ал жеке менчик имарат болуп эсептелет жана аны Кытай консулдугу беш жылга ижарага алган. Ал эми жолтандабас унаасы шаардык мэриянын балансында турат. Ал кызматтык унаа болуп менин менчигим эмес, менден кийинки келген жетекчилер да пайдаланышат. Айрымдар ал жонтадабасты менин менчигим катары көрүшөт окшойт, бул туура эмес.

— Кезегинде Сооронбай Жээнбеков менен Ошто чогуу иштешип калдыңыз эле. Ал киши президент болгону көзмө-көз жолукканга мүмкүнчүлүк болдубу?

— Президент Сооронбай Шарипович менен азыр да чогуу иштешип келе жатабыз да. Ал киши менен расмий иш-чараларда жолугуп эле жүрөбүз. Президенттин “Аймактарды өнүктүрүү жылына” тиешелүү болгон баардык программаларды иштеп чыгып, аны ишке ашырууга колубуздан келген мүмкүнчүлүктөрдү жумшап жатабыз.

— Сизге чейинки мэр Мелис Мырзакматов аптанын соңку күндөрү шаардык бийликтеги тиешелүү жетекчилер менен биргеликте калаа тургундарына ачык эшик жарыялап, жергиликтүү тургундарды көзмө-көз кабыл алчу экен. Мындай саамалыкты сиз дагы улантып турасызбы?

— Мен ар жуманын экинчи күнү саат 10дон саат 12ге чейин жарандарды жеке кабыл алам. Алар менен көзмө-көз отуруп, арыз-кайрылууларын угам жана айрым маселелерди ошол жерде чечип, калганына протоколдук тапшырмаларды берем. Ошондой эле жыл сайын эки жолу шаардагы 13 аймактык кеңештин тургундары менен жолугушууларды өткөрүп келе жатам. Ушул күндөрү дагы шаар тургундары менен жеринен жолугушуулар болуп жатат. Калаа жетекчиси катары шаарыбыздын тургундары үчүн менин эшигим ар убак ачык.

— “Кыштын камын жазда көр” дейт го. Бишкек ТЭЦиндеги быйылкы абалдан кийин экинчи калаанын бул жааттагы абалы кандай? Жылуулук борбору оңдоп-түзөөгө муктажбы?

— Кудай сактасын, быйылкы кышта Ош ТЭЦ ишканасы жакшы иштеп, өздөрүнө алган тапшырмаларын толугу менен аткарышты. 1966-жылы эксплуатацияга берилген бул ишкана жыл сайын тиешелүү оңдоп-түзөөлөрдөн өтүп, жылытуу сезонуна даяр болот. Тактап айтканда, Ош шаарынын жылуулук электр борбору 2017-2018-жылдардагы күзгү-кышкы өнөктүктү жогорку деңгээлде өткөрүү максатында түзүлгөн иш-чаралардын негизинде баардык иштер толугу менен аткарылып, үч даана буу казандары иштеп, шаарыбыздагы 38 билим берүү, 12 саламаттык сактоо, 8 жогорку окуу жайын, 5 өнөр жай мекемелерин, 311 көп кабаттуу үйлөрдү, 196 жеке менчик үйлөрдү ж.б. жалпы 270 мекемелерди жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздалды. 2017-2018-жылдардагы жылуулук берүү мезгилинде жылуулук электр борбору тарабынан 3,99 млн. м3 жаратылыш газы, 8,3 млн. кВт электр энергиясы жана 15676,4 тонна мазут иштетилип, 143 737,0 Гкал жылуулук энергиясы өндүрүлдү. Мазут отунун калдыгы 2018-жылдын 15-апрелине карата 2879,0 тоннаны түздү. Ал эми дебитордук карыздар жылдан жылга кыскарууда.

— Төрт жылдан бери ордолуу Оштун тизгинин мыкчып турасыз да. Бул аралыкта шаардын казынасын канча пайызга көтөрдүңүз?

— Менин шаарга мэр болуп шайланган алгачкы күндөн баштап жергиликтүү казынанын көлөмүн көбөйтүүнүн үстүндө иштеп келе жатам. Кудайга шүгүр, бул тармакта бир топ жылыш бар. Мен азыр сага төрт жылдык салыштырмалуу айырманы айтып берем. Мамлекеттик казынанын киреше бөлүгүнө 2017-жылдын январь-декабрында салыктык жана салык эмес кирешелер боюнча (атайын каражаттарды кошпогондо) 2 млрд. 726,4 млн. сом жыйналып, 2013-жылга салыштырганда 1 млрд. 229,4 млн. сомго же 82%га көп жыйналды. Жергиликтүү бюджетке 2017-жылдын январь-декабрында салыктык жана салык эмес кирешелер боюнча (атайын каражаттарды кошпогондо) 758,9 млн. сом өлчөмүндө план бекитилип, жыйынтыгында 813,5 млн. сом жыйналган же план 107,2 %га аткарылып, 54,6 млн. сомго көп жыйналган. Ал эми өлкөбүздүн каржы министрлиги тарабынан жеткирилген 806,5 млн. сом өлчөмүндөгү пландык тапшырма такталган план боюнча 813,5 млн. сом жыйналып, 100,9%га же пландагыдан 7,1 млн. сом ашыкча жыйналган. Жергиликтүү бюджетке 2013-жылга салыштырмалуу 153,3 млн. сомго же 23,2 %га көп салыктар жана жыйымдар чогултулган.

 Автор: Калыгул Бейшекеев

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: