Menu

Өзбекстан менен Түркия товар жүгүртүүнү 5 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эки өлкө кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгаруу жөнүндө макулдашууга жетишти. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

«Өзбекстанга келгениме абдан кубанычтамын, биздин тарыхый тамырлар байланыштырып турат. Экономикалык карым-катнаштын өсүшү – биздин туура жолдо бара жатканыбызды далилдөөдө. Жыйынтыктар белгилүү. Түрк ишкер адамдары Өзбекстанга умтулушууда. Өзбекстанда түрк фирмалары жана туристтери үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн», – деди Режеп Тайип Эрдоган.

2017-жылы Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 30% жогорулап, 1,5 млрд долларды түзгөн. Быйыл биринчи чейректе бул көрсөткүч 20% өскөн.

Сүйлөшүүлөр учурунда жакынкы жылдары товар жүгүртүүнүн көлөмүн 5 млрд долларга чейин жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Өзбекстан Түркияга жеңил, химиялык, металлургиялык өнөр жай, машина куруу, электротехникалар, булгаары бут кийим жана айыл чарба товарларын жеткирүүгө кызыктар. Бул маселеде Стамбулда ачылган өзбек-түрк соода үйү чоң роль ойнойт.

Транспорт, байланыш жана транзит тармагында дагы кызматташууларды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Соода алакасында Баку-Тбилиси-Карс темир жолу маанилүү экени, транзит үчүн тарифтерди кайра карап чыгуу зарылдыгы баса белгиленди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: