Menu

Нетаньяху: “Иран өзөктүк бомба иштеп чыккан жокпуз деп алдады”

Бөлүшүү:

Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяху 30-апрелде Тель-Авивде маалымат жыйынын өткөрүп, Иран бийлигин сынга алды. Ал көбүнчө англис тилинде сүйлөп, эл аралык аудиторияга кайрылып жатканын ишара кылды.

Нетаньяху Израиль атайын кызматтары Ирандын жашыруун өзөктүк архивдерин таап чыкканын билдирди. Анын айтымында, алты дүйнөлүк державанын Тегеран менен түзгөн өзөктүк келишими иран тарапка гана пайдалуу. Нетаньяху иран окумуштуулары өзөктүк курал иштеп чыгуу менен алектенбейт деген Тегерандын билдирүүлөрүн “жалган” деп атады.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп 2015-жылкы өзөктүк келишимди сындап, майдын аягына чейин Вашингтон бул эл аралык макулдашуудан чыгышы ыктымал экенин айткан. Франция президенти Эммануэль Макрон менен Германия канцлери Ангела Меркель дагы документ толуктоолорго муктаж экенин белгилеген.

Иран тарап эгер Вашингтон келишимден чыкса, Тегеран да чыгып, өзөктүк программасын жандандырарын эскерткен. Өзөктүк келишимдин башка эки катышуучусу: Орусия менен Кытай да анын оңдолушуна каршы экенин буга чейин билдиришкен.

2015-жылы Иран дүйнөнүн ири алты державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: