Menu

МУКК ККК: 30 миллион сомго жакын баадагы контрабандалык товарлар табылып алынды

Бөлүшүү:

КР МУКК ККК ыкчам-издөө иш чараларын жүгүзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын Түштүк-батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана жасалмалоо фактылары аныкталган.

2018-жылдын 27-апрелинде КР МУКК Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери Жалал-абад облусунда тиешелүү документтери жок дүйнөлүк маркалардын жасалма товарлары жүктөлгөн жүк ташуучу унааны кармашкан.

Аныкталган боюнча бажы органдарынын кызматтык адамдары товарлардын ээлери менен кылмыштуу сүйлөшүүлөргө барып, бажы мыйзамдарын бузуу менен импорттолгон товарларды бажы көзөмөл пунктунан текшербестен эле каттоодон өткөзүп беришкен.

Унааны кароо учурунда күнүмдүк керектелүүчү товарлар менен биргеликте тиешелүү тартипте декларациядан өткөзүлбөгөн ар түркүн моделдеги мобилдик телефондор табылып алынды. Алардын баасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 30 миллион сомго жакын турат.

Чогулган материалдардын негизинде Ош облустук прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 304 (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315 (кызматтык жасалмалоо) жана 204 (аткезчилик)-беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: