Menu

Эрнис Кыязов: Интеллигенция неге унчукпайт ыя, Димике?..

Бөлүшүү:

..экс-президент Атамбаевдин менчигиндеги “Форум” имаратында жайгашкан “Апрель” телеканалынын башкы мүдүрү Дмитрий Ложников деген жигит өлкөнүн келечегине түтөп, Facebook аркылуу “..интеллигенция тунжурап эмне унчукпайт ыя?..”-деп коомго олуттуу собол таштап ойго батыптыр. Эх Димике кесиптешим, сабаты мыкты интеллектуалдардын бирисиң, эми унчукканда эмне, өзүң деле баарын билип-түшүнүп турасың го…

Тигине, ары интеллигенция өкүлү, ары сен экөөбүздөй эле журналист Нарын Айып илгери макала жазып: “Атамбаев кандайча миллионер болду? Кыргызстан жазуучулар союзуна бөлүнгөн 50 миллион рублди а киши кайда коротту?” деген сыяктуу суроолорго жооп издеп макала жазып унчуккан экен,.. агездеги бийлик сотко берип кууратып, миллиондоп айыпка жыгып, үйүн кошо камакка алып түзүк эле жүдөттү.

Интеллигенциянын дагы бир өкүлү экс-депутат, укук коргоочу Чолпон Жакупова экс-ажо Атамбаевге карата сын айтып жарандык позициясын билдирип унчукканы үчүн соттор ага да айып салып, мүлкүн камаганын билсең керек?

ММКга жана эркин ой айтууга болгон кысым токтошу керек деген максатта Бишкекте өткөрүлгөн марш-жүрүшкө катышып, оюн эркин айтып унчуккан интеллигенция өкүлү, А.Атамбаевдин мурдагы пресс-катчысы, депутат Жанар Акаев эртеси КСДП фракциясынын курамынан чыгарылып коюлганын да уккандырсың?

Же болбосо, мына азыр абакта жаткан Текебаев деле интеллигенциянын бир өкүлү эмей ким эле,.. досу Атамбаевдин бийлигинин бутка туруусуна чоң салым кошкон санаалашы болчу, кийинчерээк түз эле жолдо бараткан ажо драконго айлана баштаганын байкап калып катуу унчукканда унчуккус кылып абакка тыктырып салганын албетте билесиң да?

Кезинде “Атамбаевдик саясатка макул эмеспиз” деп өз оюн айтып унчуккан интеллигенциялык катмардагы далай саясатчыны, коомдук ишмерди “..төңкөрүш-кутум кылганы жатышат, бейпилдикти бузганы калышты кокуй!..” демиш болуп соттордун колу менен түрмөгө тыктырганы жалганбы?

Унчуккандарды унчукпас кылуу саясаты айрыкча экс-президент Атамбаевдин тушунда мыйзамды эмес, бийликтин тымызын буйругун туу туткан адилетсиз соттор аркылуу жүзөгө ашырылганын сен да, мен да, баарыбыз жакшы билет эмеспизби. Соттор демекчи, бир нерсе эсиме кылт этти: Бердникова, Ложников деген сыяктуу таланттуу, профессионал журналисттерди таптап өстүргөн Оксана Малеваная деген интеллигенция өкүлү эсиңде бар чыгаар? Ошо кишинин адвокаты Евгений Коняшин эки жыл мурун Спорт сарайында 7-апрель окуясына байланыштуу сот процессинде: “ Киши өлтүрүүгө Малеванаянын катыштыгы бардыгына кандайдыр далилдер жок. Иликтөөнүн жүрүшүндө ал кандай нукта кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы да далилденген жок. Ал айыпталып жаткандардын арасында сотко өзү келип, тергөөчүлөр менен ачык кызматташып жаткан бирден бир эки балалуу аял”-деп унчуккан эле. Аз өтпөй Малеваная соттун ачык, адилеттүү өтөөрүнө күмөнсүп, унчукпай өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. А сен “Эмнеге интеллигенция унчукпайт?” деп суроо саласың да турасың Димике…

А баса,.. мүмкүн сенин сурооңдун мааниси башкача болуп жүрбөсүн? Балким сен: “Батукаевди качырганда бул кадам туура эле болгон, мыйзамдуу болгон деп кубаттап турган эксперт-интеллигенттер азыр неге унчукпайт? Кумтөр келишими кыргыздын залалына чечилип жатканда, бул өтө туура, өтө негиздүү деп сайрап аткан адистер, политологдор эми неге унчукпайт? Дача-Суга учак кулаганда.. бул эми кырсык да, буга бийликтин тиешеси кайдан болмок эле деп какшанган интелигент-серепчилер бу кезде неге дымы чыкпайт? Бишкек ТЭЦинин жаңы бөлүгүнүн лентасын Атамбаев кыркып жатканда бул өтө көркөм иш болду, албан эмгек болду деп ооздору алкоо-мактоодон бошобогон баяндамачы, серепчи, адистерден турган интеллигенция ушу тапта неге унчукпайт жатат?”-деген мааниде сурап жаткандырсың? Андай болсо, сура, сурооңду токтотпо, айрыкча сурооңду Атамбаев тарапка даректей көр.

Эми,.. таланттуу журналисттердин талантын, профессионалдуулугун пайдаланып дагы кандай саясый ботколор бышырылаарын ким билсин, бирок менин каалаганым – интеллигенциянын баары болбосо да арасынан кээ бир чаар баштары сын айтып унчукканда, жок дегенде ички сезиминде уялган, бети уяттан кызарган элиталуу бололу, анан ошолордон кийинки эле тепкичте турган, чыныгы “төртүнчү бийликтин” ээси болгон күндөргө жетели деген тилегим бар!

Автор: Эрнис Кыязов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: