Menu

Сарпашевдин кылмыш ишин кимдер бүттү-бүттү кылган?

Бөлүшүү:

Жаңы баш прокурорго өткөн бийликтин учурунда козголгон кылмыш иштерди карап чыгууну парламент депутаттары сунуш кылганда, карап чыгам деген сөзүн айткан. Эми ошол сөзүнө туруп, козголуп, сотко жетпей жабылып калган иштерди бир сыйра аңтарып чыгышы керек. Атамбаевдин эрке баласындай кызматтан-кызмат алмаштырып, көп мандемдүү иштерден кулагы көрүнгөн Тайырбек Сарпашевге да кылмыш иши козголуп, ал иш эмне менен бүткөнүн коомчулук билбей калган. Көрсө, бир жыл мурун эле Сарпашевдин кылмыш иши жабылып, бүттү-бүттү болгон экен. Азыр Сарпашев ээн-эркин, сүттөн ак болуп басып жүрөт. Анын тендерлерге аралашкан иштери кантип жабылып калган? Тайырбек деген аты Тендербей деп коомчулукка сиңип кетпеди беле. Максим Бакиевге тийешелүү болгон жерди жең ичинен сатууга аралашкан деп кызматынан кол жууганына мурункулар көз жумуп койгонбу? Же өздөрү бөлүшкөнбү? Сарпашевдин ишине да оң баа берилиши керек го. Коррупция менен аёосуз күрөш жүргүзүлөт деп коомчулук үмүт артып турган учурда, Сарпашевге окшогондор акталып кете берсе элдин деле чыдамы түгөнөт.

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: