Menu

Абактан кат Нурлан Мотуев: «Тантып сүйлөгөндө эле менин фамилиямды оозанчу АШАны Алмаз Үсөнөв менен кошуп туруп…»

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти

Сооронбай Шарипович Жээнбековго

Ачык кат

Урматтуу ага Сооронбай Шарипович! Сизге көп жылдан берки өң-тааныш үкөңүз, азыр саясий себептерден улам абакта отурган Нурлан Мотуев кат жазып отурат. Эсиңизде бар чыгаар, 2002-жылы жаз айларында биз иштеген «Кыргыз Ордо» (азыркы «Жаңы Ордо») газетабыздын редакциясына келип, чыгармачыл жамаатка дух берип, көңүлүбүздү көтөрүп кеткенсиз. Алдым-жуттум Акаевдин доору жүрүп, анын желдет-соту бизди жалаа менен соттоп жаткан. Сиз Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын депутаты элеңиз. Ошол көз ирмем күнү бүгүнкүдөй эсимде. Сиз кара джинсачан элеңиз, мен сурадым: «Байке, газетабыз кандай чыгып жатат?»- деп. Сиз жооп бердиңиз: «Дадил! (Мыкты)» — ​деп. Ал кезде, оппозициялык «Агым» гезити бийлик жакка ойноп кетип, принциптерибизди, элдин мүдөөсүн сатпай келаткан биздин редакция, анан «Республика» гезити эле болчу. Айтмакчы, өз кезинде ошол «Агымдын» АКШ боюнча кабарчысы катары курч макалаларды жазып, анын популярдуу-таасирдүү болушуна опол тоодой күч кошком. Андан башка «Республика» гезитине да орусча макалаларды жазып тургам.

2005-жылы Акаевди кубалап элибиз революция жасаган соң, анын «Авгий атканасына» айланып калган Кара-Кечени коррупциядан тазалайм деп, бирок коррупциялашкан күч органдарынын, салтты билбеген дөң пешене Ф. Куловдун кесепетинен 1 жыл түрмөдө отуруп, акыры соттон акталып чыктым. Ошондо түрмөдө отуруп да гезит-теле сайттарга интервью берип, Бакиев-​Кулов тандеми антиконституциялык экенин баса белгилеп атып, бул союзду бузганым эсиңизде болсо керек.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, дегеним, өлкө тагдыры, элибиздин келечеги үчүн түйшөлүп, таңкы таттуу уйкуну жыйыштырып, таң эртелеп газеттер сатылчу чоң базарга гезит алганы барган жериңизден сизге 7–8 ирээт жолугуп, учурашканыма али күнчө сыймыктанам. Бул 2008, 2009-жылдар эле. Атүгүл кайсыл бир гезит мен жөнүндө «Кара-Кечеден кийин жумушсуз калып, үйү менен гезит базардын ортосунда басып калган Мотуевдин жылдызы Президенттик шайлоодо кайра бир «жарк» этип жанды…» — ​деп жазышкан.

Ошол гезит базарга сиз Үсөнбаев көчөсү менен көтөрүлүп, мен Москва көчөсүнөн жөө басып барчумун. Кошуна окшойбуз Аке-үкө катары ысык учурашчубуз. Бакиев бийлиги сизди айыл-чарба министринен, мени Кара-Кече гендиректорлугунан бошотуп койгон, жумушсуз жүргөн кезибиз эле. Жумушсуздук кесепетинен кээ бир чиновниктердей арак ичип, запойго кирип кетпей, нукура тоолук мүнөз, эртеңкисине ишенимдүү караган, маалыматтан артта калбаган эрктүүлүгүңүз үчүн сиз мына минтип Президент болдуңуз. Мен деле жашоомдо көп ийгиликке жетиштим. Мурдакы зөөкүр бийликтердин зомбу-запкысына чалдыкканым эле болбосо.

Эми сөздүн ток этээр жерине өтсөм. Чынтийбес, чычалак, жандими, караөзгөй, зулум, жанын жеген калпычы, фальсификатор атамбаевдик бийлик машинасынын заказы менен 2016–2017-жылдары көп саясатчылар сүйлөп койгон сөзүнүн эсебинен эле түрмөлөргө камалып, олчойгон мөөнөттөргө кесилип кетишпедиби. Атамбаевдин жалган-жашыктан эле «Стабилдүүлүк орнотуу!» девизинин аркасы менен булар Кыргызстанды 5 миллиард доллар карызга батырганын, анын тең жарымын жан- жөкөрлөрү менен жеп койгонун жакындагы ТЭЦ чырында, Датка-Кемин долбоорунда билинип калып, ашмалтайлары чыгып отурушпайбы. Көрсө, бул Атамбаев шайкасынын: «Стабилдүүлүк орнотуу!» — ​кыйкырыгы менен аты-заты күчтүү, атактуу саясатчыларга жалаа менен болсо да айып тагып, коомчулуктун үрөйүн учуруп, өз коррупция-уурулуктарынын изин жашыруу үчүн элди алагды кылуу эле амалдары турбайбы. Алла-Тааланын көзү бизге түз экен, 1 жумалык суук жиберип, ТЭЦтеги булардын бурчулдата жегенин ашкерелеп берди. Хадисте: «Себепсиз зулумдук көргөн кишинин каргыш дубасын Аллах түз кабыл кылат» — ​деп айтылат. Бир ай мурда «Фабула гезити: «… Сапар Исаковтун иши жүрүшпөй койду. Муну бирөөлөр дубалап жатабы…» — ​деп түкшүмөлдөп жазыптыр. Былтыр мен № 32-колония-поселение начальнигинин беспредел-зөөкүрлүгү боюнча премьер-министр С. Исаковго болгон видеокайрылуума булар көңүл кош карап тим болбостон, кайра акыбалымды оорлотуп, 1 жыл зонага отурсун деген мыйзамсыз чечимди Биринчи Май райсотунан чыгартышты. Ошондон бери мен буларга терс дуба жасоонун үстүндөмүн. Натыйжасын көрүп жатасыңар: казактар 2 ай чекараны жапты… Айтор булардын иши кыйчалыштап туруп алды. Дагы жакшы Кыргызстанга Аллахтын көзү түз экен. Президент болуп, калыс, адилеттүү, ишбилги өзүңүз келдиңиз. СДПК съезди былтыр жаза тайып Ч. Турсунбековдун же С. Исаковдун талапкерлигине токтолсо эмне болот эле?! Элестетким да келбейт, Атамбаевдин зөөкүр жандими бийлиги көмүскө түрдө уланып, Кыргызстанды кыйроого алып келмек. Ансыз деле булар батырып кеткен карыз үчүн Кытай суверендүүлүгүбүзгө жакын арада эле коркунуч жарата башташы мүмкүн.

Ошентип, эски бийликтин: «Чындыкты айтуучу оппозициянын оозун түрмө аркылуу басуу!» — ​операциясынын алкагында алгачкы камалгандардын бири менмин. «Өлкөдө коррупция, баңгилик, аракечтик, сойкулукту түп-тамырынан кыркуу үчүн бизге мусулман мыйзамдарын киргизүү керек!» — ​деп акыркы жылдары айтып келатканым жаңылык деле эмес. Эми эмне идея, сөз, сунуш үчүн камай башташканбы?! Пикирлердин плюрализми, демократия баалуулуктары, сөз эркиндиги дегендери кайда калды, анда?!

Айтмакчы, ушул эле А. Атамбаев өзү Президент кезинде былтырбы же мурдакы жылы беле, айтор Европага жасаган расмий сапарынын алкагында «Евроньюс» телеканалына маек берип жатып: «ИГИЛ хотят построить социально справедливое государство» — ​деп рекламалаганын бүт дүйнө жүзү көрдү го! Муну кайда катабыз?! Окурмандар калп дешсе, Интернеттин издөө системасы «Гугл» турат. Атамбаевдин ал айтканын 5 мүнөттө видеосу менен тапса болот.

Ошентип мени ГКНБга 2016-жылы камашкан соң, тергөөдө мойнума анча деле олуттуу айыптоолорду тага албай, тергөөчү жаш бала Нурбек катуу убара чекти. Атүгүл биринчи 20 күн такыр келбей да койду. Анткени, популярдуулугумдун себебиненби же башка максаттары барбы, айтор Интернеттеги социалдык түйүндөрдө менин атымдан «Нурлан Мотуев» деген баракча ачып алгандар ондоп саналат. Мисалы Фейсбукта «Нурлан Мотуев» дегендер 2–3өө, одноклассники сайтында 11-өө (он бирөө), Инстаграммда 2өө, В Контакте, Твиттер, Мой Мирде да 5–6 жасалма (фальшивый) Нурлан Мотуевдер жүргөнүн көрсөңөр болот. Бул фейктер менин фотолорумду расмий сайттардан көчүрүп алышкан да, тигил жасалма баракчаларына бул деген Нурлан Мотуев деп чаптай беришкен. Менин атымдан ар кайсыл дөөрүгөн-тантыган темаларды жазып, постторду иле беришкен. Булар кимдер экенин бир Аллах билбесе, ким билет, айтор.

Албетте террордук-экстремисттик да маанайды жазышат бул оппоненттер. Расмий эркин гезиттердин 1–2 журналисти да өз сөздөрүн кошо коюшуп, мени экстремист көрсөтүүгө аракеттеништи. Канга сиңген көралбастыктары роль ойноду го.

Айтор тергөөчү Нурбек кыйналып-кысталып, менин адвокатым Ж. Жунусовго: «Ишти соттон бузуп, кайра тергөөгө апкелбеңиз, байкеси» — ​деп жалдырап жатып, 4 ай дегенде сотко өткөрүп берди. Делого 3 эпизод коюптур да, ар бир эпизодго экиден статья чаптай салып, алешем бүтүргөн тергөөчү. Мисалы, Интернеттеги жасалма — ​фейк баракчадагы «Нурлан Мотуев» тиги К. Маликов боюнча: «…сага чала болду» — ​деп табалаган имиш. Мен өзүм антип айткан эмесмин, себеби, мындан 4–5 жыл мурда теолог Кадыр Маликов мага болушуп, Вести-КГ сайтына мен тууралуу жакшы ойлорду айткан. Тергөө, сот жүрүшүндө да К. Маликов өзү менин үстүмөн арызданган да эмес, расмый жабырлануучум деп табылган эмес. Демек, Маликов мен жөнүндө жакшы пикир айтып жатса, мен аны табаламак белем? Албетте, жок. Ошондой эле, мен «Маалымат кг» сайтына берген видеоинтервьюмда журналисттин: «Исламда казат, газоват тууралуу айтылганбы?» — ​деген суроосуна ооба деп жооп бергем. Мен илгерки болуп өткөн газоваттар тууралуу айткам, бирок эч качан «Оо эл-журт, казатка, жихадка чыккыла!» — ​деп чакырык таштаган эмесмин. Бирок беттырмарлыкка өтүп алган УКМК тергөөсү мени бул видеону 2015-жылы январь айында берген деп атайлаппы, же байкоосузданбы айтор тергөө корутундусуна ошентип жазып коюшкан. Сайт ээси Д. Орунбеков мен ал интервьюну 2014-жыл январь айында бергенимди далилдеп берет. Же цифровой болуп эсептелген Интернеттен азыр деле так, чыныгы датасын аныктай койсо болот. Эмнеге мен бул датаны кызыл-чеке болуп талашып жатам? Себеби дал ошол 2014- жыл март-май айларында Адам укугу декларациясынын 65 жылдык юбилейине карата Кыргызстанда Президенттин амнистиясы чыккан. Демек, ошол видео боюнча мени күнөөлүү деп табышкан күндө деле мен ошол амнистияга илинмекмин да, бул эпизод кылмыш деген далили жок ишим кыскармак. Ал кезде 299-статьяларга амнистия берилчү жана соттон да мага азыркыдай 7 жыл колония-поселение деп эмес, мүмкүн 3–4 жыл деп өкүм чыкмак. Бул жерде адам укугу, а конкреттүү менин укугум бузулган жана да Талгарбеков жыйынында мен: «Исламда болсоңор жупуну жашамаксыңар. Өзүңөр тойсоңор да көзүңөр тойбоду го. Менчиктештире элек деги эмнеңер калды мамлекетте? Аттуу-баштуу эски-жаңы чиновниктер алкымыңар тойбой минтип өлкөнү талай берсеңер элдер тиги экстремисттерди колдоп кетип жүрүшпөсүн» — ​деп айтканымды сотто Бейшенбек Бекешов баш болгон 2–3 күбө: «Мотуев ошентип айтканын даана, так уккан жокпуз!» — ​дегендерин да сот көңүлгө албады. Айтмакчы, мен Кумтор канадалыктарын экстремисттер менен коркуткан ошол сөзүмдөн кийин Атамбаев бийлиги Мамэкотехинспекциянын колу менен «Центерраны» 100 миллион долларга айыпка жыкканын мен дал ошол 2016 -жылы июнь айында УКМКнын СИЗОсунда отуруп, теледен көрүп, өзүмө-өзүм корстон болгон элем. «Аа, бийликти ушунтип коркутсаң эле казнага акча түшүрүп, канадалыктарды мажбур кылышты» — ​деп. Бийлиги жегич, аферист, эли кедей, бактысыз өлкөнүн бактысыз атуулдарыбыз да. Чындыкты айтсаң түрмөгө отурасың, мындан бир аз мурда эле теледен кайра көрдүм, С. Исаковдун өкмөтү ал акчаны канадалыктарга кечип жибергенин. Сөзсүз 10 пайыз доляга отурушту да. Жөн кечмек беле. Бул Атамбаев курап кеткен Өкмөт элге «Поле чудес» ойнотконду токтотпойт экен да. Айтор менин эмгегимди эл билсе болду, эл билбесе же түшүнбөсө Аллах билсе болду.

Мен өзүмдү сүттөн ак, периштеден тазамын деп эсептебейм. Ооба, тирүү пенде катары менден да ката-күнөөлөр кетти. Бирок мен эч качан терроризм же экстремизмге үндөгөн чакырык-ураан таштаган эмесмин. Андыктан, ал экстренный өткөн сотто өзүмдүн катамды туура түшүнүп, өзүмдүн күнөөлүү экенимди мойнума алдым. Бирок кесилсем да 3–4 жыл алам го дегем, 7 жыл колония-поселения эмес да. Анткени К. Маликовду табалоо эпизодун мойнума албайм, аны интернет-фейк жазган. Жана да журналист Д. Орунбековдун «Маалымат кг» сайтына берген интервьюсу боюнча 2014-жылы чыккан амнистияга илинмекмин. Тергөөчүнүн орой катасы үчүн 2015-жылы, амнистияга илинбей калдым. Ал кездеги бийликтин репрессия машинасы шакылдап иштеп тургандыктан, чындыкты таппасын билип, жогору сот инстанцияларына да аппеляция жазып кайрылбадым.

Баарынан да бар кордугу колония-поселенияга баргандагы көргөн запкы-кысымым болду. «Шайтандын чоңунан кичинеси жаман» дегендей, тиги Атамбаев Орусияда жүрүп айтпады беле: «Любой орусту кыргыласаң ичинен татар чыгат» — ​депчи. Кыргызчаны кыйналып, акцент менен сүйлөгөн № 32-колония-поселение (КП‑32) начальниги Тимур Кудайкулович Анаркулов тигил көзү көк, өңү сары Алеша байкесине жагынайын дедиби, же өзүнүн да көзү көк, өңү сары болгон үчүн бул мыкаачы начальник нукура кыргыз мени жанагы компанияга кошула калып, көзгө илинейин дедиби, айтор, келген күндөн мага асылды да калды. Анан муну жеткени жети муштап, жетпегени эки муштап, бул өзү бүт дүйнөнү жек көрүп калган, өчүн мага окшогон ийгиликтүүлөрдөн алам деген неме болсо керек. Жетим өсүп, ташбоор, айоо дегенди билбеген сапаттарынан улам спецназга кабыл алынып, анан Афганистанга барып согушкан. Ал жерден контузия болуп, ачуусу чукул, кежир, садист болуп калган неменин колония-поселениядагы элге көрсөткөн мыйзамсыз жоруктарын мен өткөн жылы август айында Фейсбуктагы баракчама илген 3 видеомдо кеңири баяндагам. Ал видеолорумду миңдеген подписчиктерим улам ачып, жула качып бөлүшүп кетип, өз баракчаларына жарыялагандыктан, жалпы Интернетте 4 миллион адам көргөн. Премьер-министр С. Исаков УКМК, ЖАМК, спец.прокуратура органдары менин арызымды үстүртөн текшеримиш болгону менен, натыйжалуу тыянак чыгарышкан эмес. Баса КП‑32 де мен өткөргөн 1 жыл убакта мен жүрүм-турумум жакшы болуп, № 6 ПТУнун базасында «электрик» жана «Муздаткыч оңдогуч» деген эки кесиптин ээси болуп, администрация коллективи мени «Аманканыч» деп сыйлап аткандарына карабай дал ушул адилетсиз, сөгөнөк, эл менен иштешүүнү билбеген орой Т. Анаркулов мага 2 штрафной изолятор, 2 сөгүш берип, ал эми сыйлык бербей, айтор мени злостный тартип бузуучу деп мүнөздөмө жазып, жалгандан жалаа жаап, эптеп менден кутулууну көздөп жүрүптүр. Анын айтымында ал ГСИН (ЖАМК) жетекчилигине: «Мотуевти башка поселениеге которгула» — ​деп 3 жолу кайрылуу жазыптыр. Мындай жиндиге ким чыдамак эле, мен да 3 жолу которгула деп ЖАМК жетекчилигине арыз жазгам. Бирок ЖАМК жетекчилиги атайладыбы же шалаакылыкка алдырдыбы, айтоор оң жооп бербей койду.

Ооба, 1 штрафной изоляторду мойнума алам. Анткени, тантып сүйлөгөндө эле менин фамилиямды оозанчу АШАны Алмаз Үсөнову менен кошуп туруп «— не ваше собачье дело…» — ​деген видеомду миллиондогон эл Интернеттен көргөн. Ал видео үчүн изолятордо 5 сутка отуруп чыккам. Бирок экинчи жолку изоляторго начальник Т. Анаркулов мени элдин көзүнчө сөгүп-сагып, анан догурунуп долуланып эле 15 сутка изоляторго кийрип койгон. Мыйзамсыз кылыгын психопатиялык аффект менен жасап алганын эсине келгенде түшүндүбү, мени кайра тез эле 3 күндө бошотуп жиберди. Анын бул мыйзамсыз аракети бүт видеого түшүп, журналга регистрацияланып калган жана 15 күн чын эле күнөлүү болуп отурсам үйдө эркиндикте сотка менен сүйлөшүп жүрмөк эмесмин да 3 күндөн соң. Мобилдик компаниянын оператору далилдеп беришет телефон чалууларымды, үйдө жүрүп.

Ошентип, былтыркы менин видео кайрылууларымдан соң ЖАМК эмне кылаарын билбей, мени дээрлик 3 ай КП‑32 де мыйзамсыз кармап, эркимден мыйзамсыз ажыратып туткундап отуруу менен булар Кылмыш Кодексинин 125-статьясы: «Кызмат абалынан пайдалануу менен адамды мыйзамсыз эркинен ажыратуу…» — ​деген статьяга туш келишти. Анткени, мыйзам боюнча колония-поселение клиенти катары менин туруктуу үй дарегим, иштеген ишим, киреше булагым болгон соң, буларга айына 2000 сом төлөп, эркиндикте жүрүшүм керек болчу. Ошентип булар мени мыйзамсыз кармап отура берүүдөн тажаштыбы, чарчаштыбы же чындап эле чоочулаштыбы, же Ак үйдөн АШАдан команда болдубу, айтор тиги начальник сөрөй Т. Анаркуловту терпила кылышып, мени злостный нарушитель деп үстүмдөн арыз чүргөшүп, биринчи Май райсоту аркылуу менин 2 изоляторум үчүн эле 1 жыл күчөтүлгөн режимдеги зонага айдатып ийишти. Мен КП‑21ден №6 лицейдин базасында электрик жана муздаткыч оңдогуч деген 2 диплом — ​сертификат алганыма карабай Биринчи Май райсот судьясы М. Термечиков «… окуган эмес, тартипке баш ийбеген…» — ​деген жалган жалаа менен жаза өтөө режимимди өзгөртүп койду. 9 балам бар экенине, анын 5өө менин колумду караган чөжүрөгөн кичинекейлер экенине да судья М. Термечиков карабады. Ошол эле кезде азыр ошол № 32-колония-поселенияда жаза өтөп жаткан 3 орустун 16–17ден изолятор-айыптары бар. Алар мас болуп алышып, изоляторго түшө беришкендери менен, кулча баш көтөрбөй иштешкендери үчүн эле зонага айдалып кетпей жүрүшөт. А биз, диний себептен түшкөн бешөөбүз атүгүл сөгүнбөй, намаз окуп, тартиптүү жүрчүбүз.

Ошентип, мен азыр Молдовановка айылындагы № 27-күчөтүлгөн режимдеги колониянын жабык камера тибиндеги бөлүгүндөмүн. Анткени: «299-статья менен түшкөндөрдү бөлүп кармагыла» — ​деген Атамбаевдин 2016-жыл 16-марттагы Указы бар экен. Бул бир чети жакшы болду. Анткени буердеги 100гө чукул мусулман тиги кылмыш каралар дүйнөсүнүн мыйзамдары менен жашабайбыз. Такыбаа түрдө 5 маал намаз, дуба, зикр, илим алып китеп окуу, спорт менен машыгып, урушуп-сөгүнбөй, бири-бирине Шарият деңгээлинде сылык мамиле жасоо — ​мына ушул бул жактагы жашоо. Таңкалыштуусу, кай себептен Б. Талгарбеков, М. Султанов Т. Колубаевдерге 299-статья илинип калгандарын билбедим. Бирок булар наркы кошуна камерада отурушат. Берки саясатчылар Д. Чотонов, Б. Асанов, К. Кадыровтор болсо ачык зона, таза абада. Бул колония администрациясы менин тартиптүүлүгүмө, мыйзамды сыйлаган адамкерчилигиме таң калышууда. Тигил КП‑21 илген 2 изоляторду жана 1 сөгүшүмдү сыйлык (поощрение) ирээтинде быйыл өтүп кеткен майрамдарда мойнумдан алып салышты. «Зыңкыйган эле тартиптүү жигит экенсиң. Бул жакка кандайча келип калдың? Сыягы, заказ менен эле беспредел кылышып, сени буякка айдашкан турбайбы» — ​деп бул жердин начальниги баш чайкоодо.

Эми урматтуу Президент! Сизден өтүнөөрүм, менин жеке деломдогу ушул сыяктуу менин укугумду тебелеген, мыйзамдуулукту бузган жагдайларды кайра карап чыгууну тийиштүү органдарга тапшырууңузду өтүнөм. Сиз Конституция гарантысыз, сизге ишеним артам. 7-апрель Революциясында ок жеп, курман болгон биртууган таякем Усукеев Алтынбек менин апам Усукеева Алмакүлдүн иниси болот. Ошол курман болгон баатыр-патриоттордун себебинен бийликке келген Атамбев салт билбес, жакшылыкты түшүнбөс экенин далилдеп, баатыр Алтынбектин жээни мени түрмөгө отургузду. Баягы 2005-жылы биз рволюция жасап Ф. Куловту түрмөдөн сууруп чыгып, Премьер-министр кылып койсок, кайра мени түрмөгө отургузган сыяктуу. Демек, булар жакшылыкты түшүнбөгөн неблагодарный немелер. Сизди булардай эмес, мен сыяктуу тоолуу айылда өскөн, жакшылыкты түшүнгөн нукура кыргыз жигити катары билем. Мыкты жердин асылкандуу тукумусуз.

Мисалы, ошол № 32-колония-поселениеге УКМК түрмөсүнөн соң сот залдан 7 жыл колония поселениеге деп баргам. А булар мага «… возврат в зону…» деген мыйзамсыз чечим чыгарышты, башка райсоттон. Возврат болгондой бул КП‑32ге мен зонадан келген эмесмин да. Ошондо булар УПКнын: «… соттолгон адам жаза мөөнөтүн өтөөдө бара-бара жеңилдетүү режимдерине өтөт» — ​деген статьяны бузушуп, тескерисинче, менин акыбалымды бара-бара оорлотууга өтүштү. Жадакалса, өмүр бою түрмөгө кесилгендер деле 20 жылдан кийин жатаканага чыга алышаарын ушул январь айында КТРКдан ЖАМК башчысы Т. Жапаров өзү комментарийлеп, көргөзүп жүрдү.

Урматтуу Президент! Хадисте айтылгандай: «Эгер падыша болбосо, адамдар бири-бирин жок кыла башташмак» -дегендей, Сиз адилеттүү бийлик бар экенин далилдеңиз. Болбосо, бул ыплас коррупциячылардын ойлоруна койсо, өздөрү эле калып, калган «неугодныйларды» жок кылып жиберүүдөн кайра тартчудай эмес.

Сиздин ишиңизге ийгиликтерди каалап,

Нурлан Мотуев

Чүй облусу, Молдовановка йылы,

№ 27 түзөтүү мекемеси

Булак: Жаны Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: