Menu

Өзбекстанда согуштун ардагерлери бекер азык-түлүк жана кийим алышат

Бөлүшүү:

28-апрелде Өзбекстандын министрлер кабинети 1941-1945-жылдардагы согуштун ардагерлерин социалдык жактан коргоо боюнча кошумча чаралар тууралуу токтом кабыл алды.

Ага ылайык, ай сайын 15ине чейин бир адам үчүн 3 килограмм ун, 1 килограмм күрүч, 500 грамм гречка, 500 грамм макарон, 1 килограмм уйдун эти, 1 килограмм үй канаттууларынын эти, 200 грамм ак май, 15 жумуртка, 1 килограмм кумшекер, 1 литр өсүмдүк майы, 200 грамм чай, 100 грамм атыр самын, 200 грамм кир самын, 150 грамм кир жуучу порошок жана 8 жалаяк бекер берилип турат.

Андан тышкары эркектерге жыл сайын күзгө жакын костюм, кышкы жана жайкы бут кийим, жылуу ич кийим, свитер, көйнөк, ич кийим (2 даана), байпак (4 түгөй), аялдарга жылуу көйнөк, кышкы жана жайкы бут кийим, жеңил көйнөк, жылуу ич кийим, свитер, ич кийим (2 даана), байпак (4 түгөй) берилет. Андан тышкары эркектерге эки жылда бир күрмө жана баш кийим, аялдарга пальто, кышкы жана жайкы жоолуктар жеткирилип турат.

Мурдараак өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына 5 миллион сумдан (618 доллар) бир жолку сыйакы жана мурда согушкан жерлерине бекер жолдомо берүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Согушка катышкан 1,5 миллион өзбекстандыктын жарым миллиондон ашыгы курман болгон. Ал жылдары өлкө согуш болуп жаткан аймактардан эвакуацияланган миллионго жакын үй-бүлөнү кабыл алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: