Украина президенти өлкөнүн куралдуу күчтөрү америкалык өндүрүштөн чыккан Javelin ракеталык комплекстерин алганын тастыктады. Пётр Порошенко бул тууралуу 30-апрель күнү кечинде билдирди.
Анын айтымында, жаңы курал мамлекеттин коопсуздугун жана армиянын согушка жөндөмдүүлүгүн кыйла бекемдеди. “Украинская правда” маалымдагандай, президент Порошенко украин адистери орусиялык агрессияга каршы туруу үчүн коргонуу потенциалын күчтөндүрүүнүн үстүндө иштеп жатканын билдирген.
АКШнын администрациясы Украинага адам өмүрүнө зыян келтирбей турган курал-жарак, анын ичинде танкка каршы Javelin ракетасын берүү чечимин былтыр декабрда жактырган. Анын жалпы наркы 47 миллион доллар турат. Орусия буга нааразы.
Украина АКШдан абадан чалгындоо каражаттарын, танкага каршы коргонуу системаларын жана радио электрондук согуш жабдууларын алууну каалай туранын белгилеген.
Украина ТИМ башчысы Павел Климкин курал-жарактар жоочулар тараптан чагым болгон учурда гана колдонулат деп ишендирүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ