Menu

Душанбеликтер «Өлбөс полк» акциясына даярданууда

Бөлүшүү:

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 73 жылдыгынын алдында Душанбенин тургундары «Өлбөс» полк» акциясына даярданып жатышат.

Азырынча мэрия шаарда акция өткөрүүгө уруксат бере элек. Мурдараак дүйнөдө орус маданиятын жайылтуу менен алектенген «Россотрудничество» уюмунун Тажикстандагы өкүлчүлүгү ардагерлердин сүрөттөрүн бекер басып чыгарып, 9-майга карата транспаранттарды жасап берүүгө даяр экенин билдирген.

Өлкөнүн Согуш жана эмгек ардагерлер бирикмеси 15 күн мурда эле эскерүү акциясын өткөрүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен мэрияга кат жөнөткөн. Бирикменин төрагасы Шариф Орифов азырынча шаар бийлигинен жооп келе электигин билдирди. Анын айтымында, эгер мэрия уруксат бербесе, анда алар ардагерлерди ретроунаалар менен шаар кыдыртып, кичи парад уюштурууну пландашат.

Ал ортодо Душанбе мэриясы азырынча Жеңиш күнүнө арналган иш-чаралардын планы толук даяр боло электигин билдирди. Мекеменин басма сөз катчысы Абдумажид Усмонов мэрияга «Өлбөс полк» акциясын өткөрүү боюнча Ардагерлер бирикмесинен кат келбегенин айтты.

Өткөн жылы Душанбе бийлиги жүрүш уюштурууга уруксат бербей, аны «техникалык» себептер менен түшүндүргөн. Бирок шаардын жүздөгөн жашоочусу Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад жана расмий салтанаттардан кийин «Өлбөс полк» акциясына катышышкан.

Учурда Душанбеде Экинчи дүйнөлүк согуштун 46 ардагери жана 145 тылдын катышуучусу жашайт. 19-апрелдеги маалымат боюнча Тажикстанда жалпысынан 345 ардагер бар.

«Өлбөс полк» акциясы 9-майда Орусиянын көптөгөн шаарларында жана мурдагы СССР өлкөлөрүнүн айрымдарында өтүп келет. Анда адамдар согушка катышкан туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп жүрүшкө чыгышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: